Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу
Кыргызстан административдик борбор: Бишкек | |
Кыргызстан | |
Кайталап бекитилген | |
---|---|
Желектин автору |
Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков |
Символиканын негизинде |
746 |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусусочинени Ø
Желек[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй тегеректин ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Жаркыраган тегеректин диаметри желектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Күн жана нур чачыраган дискалардын диаметрлеринин салыштырмалуулуугу бештен үч бөлүгүнө барабар. Түндүктүн диаметри жаркыраган төгөрөктүн диаметринин жарымын түзөт.
Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон. Ар бир өлкөнүн өз доорунун желеги болот. Биздин желегибиз абдан кооз. Желектеги белгилер элибиздин улуттук руханий дүйнө таанымынан жана басып өткөн тарыхый жолунан жаралып келип чыккан символдор. Бул символдордун мамлекеттик желекте айкалышта чагылып турушу - дөөлөттүн көөнөрбөстүгүн, ыйыктыгын, элибиздин өткөндү унутпай, келечекке ишенимдүү кадам койгондугун айгинелеп турат.
Авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.
1992-жылы 3- мартта республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]
- https://commons.wikimedia.org/wiki/File:Flag of Kyrgyzstan (official standards).png
- https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/a/a4/Желектин_түзүлүш_схемасы.png
Азия өлкөлөрүнүн: Мамлекеттик желектери | |
---|---|
Азербайжан • Армения • БАЭ • Бангладеш • Бахрейн • Бруней • Бутан • Вьетнам • Грузия • Жапония • Мисир • Израиль • Индия • Индонезия • Иордания • Ирак • Иран • Йемен • Казакстан² • Камбожа • Катар • Кипр • Кыргызстан • Кытай • КЭДР • Корея Республикасы • Кувейт • Лаос • Ливан • Малайзия • Мальдивдер • Монголстан • Мьянма • Непал • Ооганстан • Орусия² • Оман • Пакистан • Сауд Арабиясы • Сингапур • Сирия • Тажикстан • Тайланд • Түркмөнстан • Түркия² • Филиппиндер • Чыгыш Тимор • Шри-Ланка • Өзбекстан | |
Көз карандуу аймактар | |
| |
Таанылбаган жана жарым жартылай таанылган өлкөлөр | |
¹ Негизги аймагы Африкада ² Жартылай аймагы Европада |