Кыргыз киносу
| Кыргыз керемети | |
Тасмалар:
| |
1941-жылдын 17-ноябры кыргыз киносунун жаралган күнү деп эсептелет. Бул күнү Совет элдик комитети “Фрунзе шаарында кинохроникалык студия курулсун” деген буйрук чыгарган. Кыргыз киносунун тарыхы 1942-ж. түзүлгөн көркөм, документалдык жана анимациялык тасмаларды өндүрүүчү "Кыргызфильм" киностудиясы менен тыгыз байланышкан. 1955-ж.- «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын базасында "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру В.Пронин «Салтанат» көркөм фильмин тарткан. 1964-ж. «Кыргызфильм» киностудиясынын өз режиссеру М. Убукеев кыргыз киносундагы алгачкы кинотасма болуп эсептелген "Тайгак кечүү" толук метраждуу көркөм фильмин тарткан.
1960—1970-жж. «Кыргызфильмде» Чыңгыз Айтматовдун көптөгөн чыгармалары экрандаштырылган. Айтматовдун чыгармаларын тасмада чагылдыруудан Лариса Шепитько («Аптап» («Зной»)), Андрей Кончаловский («Биринчи мугалим» («Первый учитель»)) сыяктуу режиссерлор эмгек таржымалын башташкан. Кийинчерээк бул студияда кыргыздын белгилуу режиссёрлору: Болотбек Шамшиев («Караш-Караш», «Ак-Кеме», «Фудзиямага көтөрүлүү») жана Төлөмүш Океев («Кызыл алма», «Ак илбирстин тукуму») эмгектенишкен. 1972-ж.Болот Шамшиев «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» аттуу тасмасын жарыкка чыгарган. Бул тасма «истерн» үлгүсүндөгү тасмалардын бири болуп эсептелет.
Киностудиянын тарыхынан
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- 1916 г. - кинематографта кыргыз элине байланыштуу алгачкы эскерүү.
- 1920 г. - Кыргызстандын территориясындагы алгачкы кино тартуулар. Режиссёр А.Терскийдин этнографиялык сюжеттери.
- 1923 г. - бийик тоолуу жердеги алгачкы документалдуу сюжеттер. Профессор Н. Корженевскийдин экспедициясы.
- 1925 г. - Режиссёр В. Полевойдун «Чёрная смерть» алгачкы маданий фильми.
- 1926 г. - Кыргызстандагы алгачкы кино өндүрүү боюнча ири долбоор. Долбоордун автору - М.Рышков.
- 1927г.- Кыргызстандын территориясында тартылган алгачкы толук метраждуу көркөм фильм - «Крытый фургон», режиссёру О. Фрелих. Экранга биринчи жолу кыргыз актрисасы А.Тюменбаева чыккан.
- 1928 г. - Режиссёр В. Шнейдеровдун алгачкы илимий-экспедициялык «Подножие смерти» фильми.
- 1936 г. - Режиссёр Г. Сатарованын «Киргизстан» алгачкы документалдуу тасмасы.
- 1937 г. - Режиссёр Ю. Васильчиковдун «Ай-Гуль» аттуу алгачкы балдар окуялуу фильми.
- 1937 г. - Фрунзеде «Союзкинохрониканын» Ташкент бөлүмүнүн корпунктунун ачылышы.
- 1940 г. - «Советская Киргизия» туруктуу киножурналы.
- 1941 г. - алгачкы жолу фильмдерди кыргыз тилине дубляждоо - «Чапаев», «Ленин в Октябре», «Тринадцать».
- 1941 г. - Фрунзе кинохроника студиясынын ачылышы.
- 1945 г.- «Манас» эпосу боюнча тартылган алгачкы толук метраждуу көркөм фильм - «Семетей, сын Манаса», режиссёру Г.Раппапорт. Аягына чыккан эмес.
Документалдык тасмалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз киносу документалдык тасмалары менен да өтө таанымал. Альгимантас Видугирис, атактуу кыргыз документалисти, ошондой Динара Асанова Кыргызстанда гана эмес чет мамлекетте да өз тасмалары менен белгилүү болушкан. - экрандаштырылган .
Кыргыз режиссерлору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Үч белгилүү ири кинорежиссёрлорду (Океев, Шамшиев, Видугирис) «Кыргызфильм» киностудиясынын өркүндөп өскөн убагы - «кыргыз керемети» феномени байланыштырып келет. Ошондой эле, кыргыз киноматографиясына Мелис Убукеев, Геннадий Базаров, Дооронбек Садырбаев,жаш муундардан: Актан Арым Кубатев, Эрнис Абдыжапаров, Нур Эген ж.б. да салымдарын кошкон.
Кыргыз актрисалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
| Белгилүү актёрлор | |||
|---|---|---|---|
| Аты-жөнү | Ойногон тасмалар | ||
| Сабира Күмүшалиева | «Ак-кеме»,«Уркуя» | ||
| Таттыбүбү Турсунбаева | «Кызыл алма», «Уркуя»,«Мөөр» ж.б. | ||
| Бакен Кыдыкеева | «Саманчынын жолу»,«Муз жүрөк тууралуу уламыш» ж.б. | ||
| Дааркүл Күйүкова | «Ак-кеме»,«"Биринчи мугалим"» | ||
| Жамал Сейдакматова | «Улан», «Караш-Караш» | ||
Кыргыз актёрлору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
| Белгилүү актерлор | |||
|---|---|---|---|
| Аты-жөнү | Ойногон тасмалар | ||
| Муратбек Рыскулов | «Бакйдын жайыты», «Муз жүрөк тууралуу уламыш» | ||
| Сүймөнкул Чокморов | «Караш-Караш», «Кызыл алма», «Көк серек» ж.б. | ||
| Советбек Жумадылов | «Караш-Караш», «Акжолтой», «Акбара менен Ташчайнар» | ||
| Болотбек Бейшеналиев | «Ак-Мөөр»,«Биринчи мугалим» | ||
| Дүйшөнбек Байдөбөтөв | «Ильяс менен Асель», «Каныбек»«» | ||
Кызыктуу фактылар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Режиссёрлор көп убакта өз балдарын тасмаларга тартып келишкен. Мисалы, Б.Шамшиев «Ак-кемеде», «Ак-зынданда» сууда аккан ымыркай баланын жана кичинекй баланын ролдорун уулу аткарган. Сүймөнкул Чокморов тасмалардагы бардык кинотрюктарды өзү аткарган. Т.Океевдин «Махабат дастаны» Дүйшөмбү, Дамаск, Хива шаарларында жана Ысык-Көлдүн жээгинде тартылган.


Кыргыз кино казынасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Кыргыз кино казынасы | |||
|---|---|---|---|
| Жыл | Тасма | Режиссеру | |
| 1955 | Салтанат (Мосфильм менен бирдикте) | ||
| 1958 | Муз жүрөк тууралуу уламыш (Мосфильм менен бирдикте) | ||
| 1957 | Менин жаңылыштыгым | ||
| 1958 | Алыскы толоордо | ||
| 1959 | Чолпон-Таңкы жылдыз (Ленфильм менен бирдикте) | ||
| 1960 | Тянь-Шандын кызы | ||
| 1960 | Салиманын ыры | ||
| 1960 | Токтогул | ||
| 1961 | Ашуу | ||
| 1961 | Аптап (Зной) | Лариса Щепитько | |
| 1963 | Космонавттардын көчөсү | ||
| 1964 | Жоро | ||
| 1964 | Сыйынуу | ||
| 1964 | Тайгак кечүү (Трудная переправа) | М.Убукеев | |
| 1965 | Биринчи мугалим | А.Кончаловский | |
| 1965 | У каждого своя дорога | ||
| 1966 | Бакайдын жайыты (Небо нашего детства) | Т.Океев | |
| 1966 | Эң тилалчаак (Самая послушная) | ||
| 1967 | Саманчынын жолу (Материнское поле) | Г.Базаров | |
| 1968 | Жамиля | Ирина Поплавская | |
| 1969 | Ак-Мөөр | М.Убукеев | |
| 1969 | Караш-караш (Выстрел на перевале Караш) | Б.Шамшиев | |
| 1969 | Буктурма (Засада) | ||
| 1969 | Квартирант | ||
| 1970 | Бактылуу адамдын жоруктары (Это не беда) | ||
| 1972 | Ысык-Көлдүн кызгалдактары (Алые маки Иссык-Куля) | Б.Шамшиев | |
| 1972 | Уркуя (Отко таазим/Поклонись огню) | Т.Океев| | |
| 1972 | Көчө | Г.Базаров | |
| 1973 | Бурма | ||
| 1973 | Шаркыратма (Водопад) | ||
| 1973 | Көк серек (Лютый) | Т.Океев | |
| 1974 | Ташка баткан элестер (Улыбка на камне) | ||
| 1974 | Сүйүү жаңырыгы(Эхо любви) | Б.Шамшиев | |
| 1975 | Ак кеме (Белый пароход) | Б.Шамшиев | |
| 1975 | Кара-Кийикке жол (Дорога в Кара-Кийик) | ||
| 1975 | Кызыл алма (Красное яблоко) | Т.Океев | |
| 1976 | Айсулуунун талаасы (Поле Айсулуу) | ||
| 1977 | Каныбек | ||
| 1977 | Катачылык (Ошибка) | ||
| 1977 | Улан | Т.Океев | |
| 1978 | Квартет | ||
| 1979 | Анамат | ||
| 1979 | Процесс | Жали Сооданбек | |
| 1979 | Эрте жазда келген турналар (Ранние журавли) | Б.Шамшиев | |
| 1980 | Жазгы каникулдар (Весенние каникулы) | ||
| 1980 | Алтын күз (Золотая осень) | Т.Океев | |
| 1981 | Элеттик роман (Провинциальный роман) | М.Убукеев | |
| 1981 | Жылмаю (Улыбка) | ||
| 1982 | Лестница в доме с лифтом | А.Камчыбеков | |
| 1982 | Устакана (Мастерская) | ||
| 1982 | 13-ү небере (Тринадцатый внук) | ||
| 1983 | Бөрү зындан (Волчья яма) | Б.Шамшиев | |
| 1984 | Ак илбирстин тукуму (Потомок белого барса) | Т.Океев | |
| 1986 | Махабат дастаны (Миражи любви) | Т.Океев | |
| 1987 | Сошлись дороги | А.Сүйүндуков | |
| 1988 | Куугунтук (Преследование) | Т.Океев | |
| 1989 | Акыркы манасчы (Последний манасчы) | М.Убукеев | |
| 1989 | Токтогул.( Кербез. Неистовый беглец) | ||
| 1989 | Ногдаун | ||
| 1990 | Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт (Пегий пес, бегущий краем моря) | Т.Океев | |
| 1991 | Аномалия | ||
| 1991 | Ботокөз булак .(Буранный полустанок) | ||
| 1991 | Кошокчу | ||
| 1991 | Мен мындай жашагым келбейт.( Я не хочу так больше жить) | ||
| 1993 | Жамиля | ||
| 1995 | Манас Ааламы ( Вселенная Манаса) | ||
| 1998 | Бешкемпир | Актан Арым Кубат | |
| 2001 | Маймыл | Актан Арым Кубат | |
| 2002 | Айыл өкмөтү | Эрнест Абдыжапаров | |
| 2003 | Маңкурт | ||
| 2004 | Булут (Облако) | ||
| 2005 | Окуя | ||
| 2006 | Сүт | ||
| 2006 | Чек ара (Граница) | ||
| 2006 | Кышында (Зимой) | ||
| 2006 | Ата | ||
| 2007 | Петрарканы окуу (Чтение Петрарки) | ||
| 2007 | Боз Салкын | Э.Абдыжапаров | |
| 2008 | Белгисиз маршрут (Неизвестный маршрут) | Темир Бирназаров - | |
| 2009 | Бешик | - | |
| 2009 | Уурунун махабаты | Эрнест Абдыжапаров | |