Кыргыз оюм чийимдери

Википедия дан

оймо
Кутмандуу элибиз түрдүү кол өнөрчүлүккө бай экендиги, алардын колдорунан жасалган буюм-теримдери бардык элдерге маалым. Кереметтүү элибиздин кол өнөрчүлүгү, кыргыз оюулары аркылуу асем – буюмдар дүйнөсүнүн ички маңызын ачып, жыргал турмушубуздун салтанатын көркөмдөп элестетип турат.
Биз, кыргыздын улуттук оюм-чийимдеринин эң негизги үлгүлөрүн оюм-көчөттөр менен кооздолгон көркөм кол өнөрчүлүк буюмдарынын беттеринен көрө алабыз. Ала кийиз, шырдак, туш кийиз, килем, түр жүн оролуп чырмалган чийлер, тери, жыгач буюмдары жана күмүштөн, жезден жасалган зер буюмдары ошолордун катарына кирет. Буларга жердик катары жүн, кийиз ар кыл түскө боёлгон жиптер, тери-кайыш, түстүү металлдар, түрдүү жыгач жана башка тандалат. Аталган буюмдардын колдонулуу багытына жана жердигинин өзгөчөлүгүнө жараша түшүрүлгөн оюлардын сүрөттөлүшүнүн өзгөртүлүп берилген учурлары бар.
Оюу үлгүлөрүнүн дээрлик баарын өз боюна тарткан тушка тартылуучу саймаланган кооз буюм-бул туш кийиз. Адатта, туш кийиздин эки жаны менен үстүнкү бөлүгү саймаланып, орто жерине бир же эки тумарча түшүрүлөт. Туш кийиз саюуда уздар жеринен кара түстөгү жердикти тандашат. Анткени, сайма үчүн тандалган жиптердин түрүнүн молдугу жана кара түстөгү жердиктин түркүн оюм-көчөттөр менен айкалышкан жарашыгы туш кийизди асем жасалга катары абдан кооз көрсөтөт.
Туш кийиздин негизги оюмдарына жалпысынан кыргыздын улуттук оюм-чийимдерине мүнөздүү табиятты сүрөттөөчү («күн», «жаңырган ай», «булак», «суунун айлампасы»), жандуу нерселердин сөлөкөттөрүн сүрөттөөчү («беш манжа», «оймок боолуу бармак», «кочкор мүйүз», «карга тырмак», «кыргоол», «бугунун мүйүзү», «аттын изи», «төбөл», «ит куйрук», «жылан», «көгүчкөн» жана башка), өсүмдүктөрдү сүрөттөчү («байчечекей», «кызгалдак», «тогуз дөбө гүл», «пахта», «жалбырак» жана башка), тиричилик буюмдарын сүрөттөөчү («аттын такасы», «мончок», «тумар», «боз үйдүн түндүгү», «кереге көз», «аркан», «көө көөкөр», «ай балта», «кашык» жана башка) жана сыйкырдуу, кереметтүү элестерди сүрөттөп чагылдырган оюу үлгүлөрү кирет.
Биз ала кийиз, шырдак, туш кийиз беттеринде кездештирген оюмдарга өтө эле жакын, окшош оюмдардын үлгүлөрүн тери-булгаары буюмдарынан көрөбүз. Эл чеберлери көөкөр, көнөк, көнөчөк, саба, чанач өңдүү ар кандай сыйымдуулуктагы идиштерди териден чебердик менен мыктылап жасашкан. Көнөккө бээ салса, сабада кымыз ачытылган. Ал эми көөкөр менен чаначка сүт айран жана кымыз сыяктуу азыктар коюлган. Кары адамдардын айтуусунда, «жакшы көөкөр көчтүн көркү» деген накыл кеп бар.
Уз оюудагы түстүү сүрөттөрдү түзүү үчүн эки же үчтөн көбүрөөк өңгө боёлгон кийизди үлгүгө салып оюп, бири-бирине жупташтыра кынаптап, кооз шырдактарды шырыган. Түрдүү жүндөн оюу салып, түркүн ала кийиздерди уюткан. Кийиздин, теринин (жыргак) же бирдей өңдөгү кездеменин бетине ар түрдүү түстөгү жиптер менен саймалап оюу салып, ажайып кооздукту жараткан. Оймодогу түстүү сүрөттөрдү карап отуруп, көпчүлүк учурда кыргыз оймосунун мазмундук ырааттуулуктун бара-бара жоюлуп кеткендигин көрүүгө болот. Ушундан улам негизги оюу үлгүлөрүн башка көрүнүштү же башкача сүрөттөлүштү чагылдырып тураары анык.
Узчулуктун ата башы ушул оймочулук болуп саналат. Уз — көбүнчө аялдардын көркөм буюм жаратуучу чебери. Ал оймо, сайма, түймө, чырмак, бычма, токуу жана башка элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн салтын толук кармайт. Көркөм оюм-чийимди жаратуучулар, айталы, кайчыны же илме шибегени кармап, азга ойлонуп отуруп, өзүбүздүн көз алдыбызга сыйкырдуу сызыктарды, кереметтүү фантазияны, ажайып дүйнөнү жарата алардыгына көңүлүбүз тоёт.
Оймо (оюм) да көчөттөрдөй жердиктин бетине чеберчилик менен түшүрүлгөн кооздук, сүрөт, түр, сөлөкөт. Оюм (кооздук) кыргыздын көркөм кол өнөрчүлүгүнүн бүтүндөй түрлөрүндө каражат катары колдонулат.
Оюмдар экиге бөлүнөт. Биринчи, негизги оюмдарга: «мүйүз оюмдары» («кош мүйүз», «сыңар мүйүз», «бугу мүйүз», «кулжа мүйүз», «уй мүйүз», «теке мүйүз»), «кыял» («жарым кыял», уздардын аттары жана айтылып жаралган оюм), «жагалмай канат», «куш канат», «табак оюму», «карга тырмак» сыяктуулар кошулат да, ал буюмдун мерчемдүү аянтын ээлеп, жасалган үлгүнүн жүзүн көрсөтүп турат. Демек, бул көркөмдүктөр ортолук (борбордук) да, четтик (жээктик) да оюмдарынын милдетин тең тизгинде аткара алат.
Экинчи, жардамчы оюмдарга: «ит куйрук», «бадам», «чагармак», «бычак учу», «араа тиш» өңдүүлөр кирет да, буюмда «аламыч» катары пайдаланылат. Ал эми көркөм оюмдун элементтери көчөттөрдү түзөт. Ошентип, көчөттүн негизги каражаты оюм, демек, оюмдан көчөт жаралат. Оюмда кыялдан чыккан түйүндүү окуя сюжеттик түзүлүштө, ички өз ара байланышта болот. Анан ээси оймочу көркөм оюмдун эски алкагынан чыгарып, ага жаңы багыт берген чебер болуп саналат.
Сайма саюу — зор чыгармачылык, ал уздук көркөм көчөттөрдү жаратууда гана жүзүнө чыгат. Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн түпкүлүгүн жердик түзөт.
Саймачылыктын негизги кооздук каражаты — сайма көчөтү. Бул буюм бетине орнамент (түр-оюм) түшүрүү дегенди түшүндүрөт. Ошентип, көчөт — бул бүтүм чиймени ирээти менен алмаштырып, жердин бетине түшүрүү дегендик. Чыгармачылыгы бар уздар тигил-бул сайма ыкмасы аркылуу буюмга мындай көчөттөрдү түшүрүүдө баш-аламандыкка чалдыкпай, сөзсүз шарттуулук жана ырааттуулук жол-жобосун сакташат. Негизги элдик сайма көчөтү «мүйүз», «айчык», «бадам» (миндал) «тырмак», «гүл» өңдүүлөр кирет да, булар түштүк-түндүк Кыргызстандын журтчулугун бирдей аралаган. «Допу талаа», «такыя дөбө», «тогуз дөбө», «көөкөр» (түштүкчө) ушул сыяктуу түрлөрүнөн башка айбанаттар менен өсүмдүктөрдүн шарттуу сөлөкөттөрү да сайма көчөттөрүнөн, көчөт үчүн оюм-чийимдерден сезилип турат.
Элдик зергерлердин бүтүнчүлүгү — алардын чеберчиликтери, терең сырдуулугу, көп кырдуулугу. Акыйкатта, зергер — устанын ата башы. Көпчүлүк зергерлер ага дейре эле өнөрдүн калган мындай түрлөрүн: жыгаччылыкты, мүйүзчүлүктү, ташчылыкты, теричикти, өрүмчүлүктү, кайыкчылыкты, айтор, ушул өңдүүлөрдү тен тизгинде кармоого дасыгып калышат.
Жердиги катуу буюмдарга узануучу чеберди уста дейбиз. Буга кара уста (темирчи), зергер (күмүш уста), ат жабдыктарынын чебери (өрүмчү, кайыкчы), жыгаччы (ээрчи, түндүкчү, уук-кереге матоочу) мүйүз уста (мүйүзчү), тери (көн, шири) буюмдарынын чебери (көөкөр, көнөк, көнөчөк, көңдөөл, жагдан, чыны кап жасоочу) өңдүүлөр кирет. Демек, узануу деген зергерчилик, темирчилик, жыгаччылык, мүйүзчүлүк, терини иштетүүчүлүк. Көбүнчө эркектердин темирден, жыгачтан, мүйүздөн, сөөктөн, таштан жана башкалардан кооз буюмдарды жасоо аракеттери экенин билебиз. Ошентип, устачылык — темир, күмүш жыгач, тери, кайыш, таш жана башка жердикти кармоочулук, элдик кооз кол өнөрчүлүктүн мерчемдүү бөлүгү.
Доорлордун мезгил сынынан таасын өтүп, журтчулукка бирдей тараган темир тегиндеги оюм-чийимдердин негизги түрлөрүнө: «мүйүз», «бармак боочу», «бычак учу», «карга тырмак» жана «кыял» сымал кийиз оюмдарынан белек, сайма, таар, килем, чий, көн, жыгач, мүйүз буюмдарынын көчөттөрү да кирет.
Зергерчиликте кооздук түшүрүү — бул аялдар себине, ат жабдыктарынын негизги бөлүктөрүнө, жыгач, мүйүз, сөөк, тери буюмдарына темир чегерүү, ага күмүш жалатуу жана анын бетине көркөм оюм берүү. Бул зергерчиликте «сынпоздоо» «чегелөө», «шөкөттөө» деп аталат. Чыгаан усталар кыз-келиндер үчүн ат жабдыктарын өзгөчө аземдеп жасашкан. Аларга арналып жасалган тердиктин үлгүсү да башкачараак келип, бетине түшкөн оюлары да бөтөнчө кылдат чеберчилик менен аткарылгандыгы башка тердиктердин үлгүлөрүнөн ачыктан-ачык эле айырмаланып, өзгөчөлөнүп тургандыган баамдоого болот. Маселен, тердик бетиндеги күмүш, жез шөкөттөргө жана наар түшүрүлгөн оюу-чийүүлөргө назар таштасак, «аркар мүйүз», «сыңар мүйүз», «суу», «кыял», «жалбырак» оюмдарынын үлгүлөрү көз алдыга тартылат.
Учурунда уюткулуу кыргыз элинин арасынан мыкты зергер-усталар чыккан. Күмүш, жез сыяктуу асыл металлдарды эритип, от менен кошо аралаштыра жууруган жана колдорунан көөрү төгүлгөн зергер-усталарды эли барктап, урматташкан. Кыргыздын улуттук оюм-чийимдеринин үлгүлөрүн ошол элдик зергерлердин алтын колдорунан жаралган күмүш буюмдарынан көрүп жүрөбүз. Эзелки убакта жасалып, азыркы биздин күнгө чейин сакталып келген күмүш буюмдарына түшүрүлгөн оюу-чийүүлөрдөн асмандын, жер-суунун ар кандай кубулуштарын сүрөттөгөн белгилерди, ырым-жырым символдорун жана айбанаттар менен өсүмдүктөрдүн сыйкырдуу-кереметтүү мааниге ээ түрлөрүн окууга болот. Усталар кыргыз аялдары үчүн шакек, билерик, иймек-сөйкө, желбирөөч, чолпу, чачпак, топчу, сыяктуу буюмдарды акак таштар менен шуру мончокторду чөгөрүп, асемдеп жасашчу. Кээде шакектин тамандарына таш чөгөрүлбөстөн, улуттук оюм-чийимдердин үлгүлөрү түшүрүлүп да кооздолгон. Күмүштөн жасалган мына ушундай асем буюмдарга «мүйүз» оюмдарнын түрүн, «карга тырмак», «кыргоол», «гүл», «жалбырак», «ай», «күндүн нуру», «буурсун тиши», «көөкөр», «мончок», «тумар» жана башка оюу үлгүлөрү камтылган.
Жыгач кармаган усталар улуттук оюу-чийүүлөр менен кооздоп, көркөмдөп үкүктөрдү, чыны каптарды, сандыктарды, жүк жыюучу такталарды жана бооз үйдүн каалгаларын чебердик менен жасашкан. Узануу үчүн алар жергиликтүү жыгачтардын ар кыл түрүн тандашып, терек, тал, арча, кайың жана өрүк жыгачтарын, айрым аймактарда карагай менен жаңгакты колдонушкан.
Кыргыз элинин өткөндөн калган бай мурастарынын бири-анын улуттук көркөм кол өнөрчүлүгү. Ал өзүнө гана таандык бөтөнчө таңкалаарлык ажайып кооз сулуулукка ээ болуп, өзүнүн тарыхый тамырлары менен тээ атам замандан бери өнүгүп-өрчүп келе жатат. Ата-бабабыздын эзелки көчмөн турмушундагы үй-тиричилигин көркүнө чыгарган элдик уздар жана чеберлер кийиз менен булгаары бетине, жыгач менен темир бетине кыргыздын улуттук оюм-чийимдерин түшүрүп, көз жоосун алган көрктүү буюмдарды жаратып келишкен. Акыйкатта, ал буюмдарды улуттук оймо-чиймесиз көз алдыга элестетүү кыйынга турары жалпыга малым.
Кыргыздын улуттук оюм-чийимдери турмуштун ар кыл шартына жана жергебиздин аймактык өзгөчөлүгүнө жараша кээде өзгөрүүгө учурап, кээде өнүгүү-өсүү жолунда болуп, байып-артып келет. Элибизден чыккан өткөндөгү уз-чеберлер бир эле аталыштагы ою үлгүсүн бир канча көрүнүштө сүрөттөшүп, кыргыздын улуттук оймосун чексиз санга чейин жеткизишкен. Мында оймочу-уздардын, атап айтканда, кыргыз аялдарынын салымы зор. Жүн уютуп, кийиз жасоо, Сайма сайып, кийим тигүү жана башка кол өнөрүнүн бүтүндөй көп түрүн аткаруу да кыргыз аялынын милдети болгон. Кыргыз оймо-чиймесиндеги орнаменталдык иероглификанын сыры болгон «баяндамалуулук» да ага таандык.