Кыргыз театры жана «Манас»
Кыргыз театры жана «Манас» - Совет дооруна чейин кыргыз элинин маданий турмушунда улуттук профессионал театр болгон эмес. Бирок эл өзүнүн көп кылымдык тарыхында театр элементтерине бай кайталангыс искусствосун жаратып келген. Театр элементтери элдик үрп-адаттарда сакталган. Чоң жыйындарда, аш-тойлордо миңдеген адамдар чогулушкан. Аткаруучу белгилүү бир темада даярдыгы болбосо да алып баруучулук милдетин жана негизги аткаруучулук ролду да аткарган. Төкмө акындар, куудул-чечендер, элдик ырларды аткаруучулар, эпос айтуучулар чыгармаларды элестүү жаңдоо, ымдоонун коштоосунда аткарышкан. Мисалы, манасчылардын аткаруучулугу жалгыз актёрдун театрын элестетет. Айтуучу эпостун мазмунун берүүдө ар бир каармандын образына жараша түрүн өзгөртүп турган. «Манас» үчилтиги боюнча 30-жылдардан баштап драма, опера либреттолорун жазып театр сахнасына алып чыгууга аракеттенишкен. Алардын алгачкысы — «Айчүрөк» (1938) операсы. Операнын негизин Айчүрөктүн Семетейге болгон сүйүүсү, кыргыз элинин чет элдик баскынчыларга каршы патриоттук күрөш темасы түзөт. Либреттосун К. Маликов, Ж. Бөкөмбаев, Ж. Турусбеков жазышкан. Музыкасы Б. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференики. Эпикалык лирикалык опера адегенде (1939) кыргыз музыкалык драма театрында коюлган. Ушул эле жылы Москвада өткөрүлгөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасында да коюлат. Башкы ролдорду биринчи аткаргандар: Айчүрөк —С. Кийизбаева, Семетей — Ж. Садыков, Чынкожо — А. Боталиев, Күлчоро — А. Малдыбаев, Чачыкей — А. Махмутова, Калыйман — А. Куттубаева. Кыргыздын улуттук искусствосунун классикасына айланган «Айчүрөк» операсы 1986-ж. кайра редакцияланып Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлат. Дирижёр коюучусу К. Молдобасанов, режиссёру К. Арзиев, У. Сарбагышов. Башкы партияларда: Семетей — Э. Касымов, Б. Миңжылкыев, А. Мырзабаев; Айчүрөк — Э. Молдокулова, К. Сартбаева; Акун кан — А. Муртазин, А. Мүсүралиева; Бакай — А. Абдукаимов, В. Муковников; Чынкожо — X. Мухтаров. Опера жаралган күнүнөн бери үзгүлтүксүз коюлуп, 1989-ж. операнын 50 жылдык юбилейинде 650-жолу коюлгандыгы белгиленген. «Манас» эпосуна арналган экинчи баатырдык-патриоттук опера «Манас» операсы Кыргыз мамл. опера жана балет театрында (1946) коюлган. Либреттосу К. Маликов менен Токомбаевдики, режиссёрлору А. Куттубаев, В. Васильев, сүрөтчүсү Я. Штоффер, музыкасы В. Власов, А. Малдыбаев, А. Ференики. Операнын негизин «Манас» эпосунун Көкөтөйдүн ашына байланышкан окуялар түзгөн. Операнын 2-редакциясы (1966) Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлган. Режиссёрлору Р. Захаров, А. Куттубаев. Дирижёр К. Молдобасанов, сүрөтчү А. Арефьев, балетмейстер К. Мадемилова, хормейстерлер С. Юсупов, К. Алиев. Башкы партияларда Манас — К. Чодронов, Каныкей — С. Кийизбаева, Канайым — К. Сартбаева, Коңурбай — X. Мухтаров. Операнын бул вариантында Манастын образы демократташтырылып, элдик баатырларга айланат да, патриоттук кыймылда көпчүлүктүн ролу көтөрүлөт.
1945-ж. Өзгөн театры К. Маликовдун «Сейтегин», 1946-ж. Т. Сыдыкбеков менен Рахматуллиндин «Манас менен Алмамбетин» коёт. Режиссёру К. Төлөбаев.
1982-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетейди» даярдайт. Режиссёрлору Ж. Абдыкадыров, Б. Ибраев; музыкасы К. Молдобасановдуку, сүрөтчүсү М. Сыдыкбаев. Башкы ролдордо: Каныкей — Ж. Сейдакматова, М. Далбаева, Семетей—М. Токтобаев, Бакай — А. Жаманов, Жакып кан — С. Далбаев, Сарытаз — К. Досумбаев, Чыйырды — Д. Күйүкова. Бул спектаклди мыкты аткарып элге жеткиргендиги үчүн (1987) Ж. Садыков, Ж. Абдыкадыров, Д. Күйүкова, С. Жаманов, С. Далбаев, Ж. Сейдакматова, К. Досумбаев Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болушкан. «Манас» эпосуна кайрадан кайрылып Ж. Садыков «Сейтек» драмасын жазат. Анын режиссёру Б. Ибраев, музыкасы К. Молдобасановдуку, сүрөтчүсү М. Исхаков. Башкы ролдордо: Сейтек — Э. Бекболиев, Ч. Думанаев, Айчүрөк — Т. Абдуразаева, Каныкей — Ж. Сейдакматова, Бакай — С. Жаманов, Чачыкей — М. Далбаева, Күлчоро — И. Эшимбеков, Кыяс — К. Досумбаев. «Манас» үчилтигин драма үчилтигине жеткирүү үчүн Ж. Садыков «Айкөл Манас» драмасын жазат. Аны режиссёр Б. Ибраев даярдап Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына 1990-ж. алып чыгат. Сүрөтчүсү М. Исхаков, М. Сыдыкбаев, композитору К. Молдобасанов. Негизги ролдорун: К. Досумбаев — Манас, А. Осмонов — Кошой, С. Жумадылов — Бакай, К. Дулатова — Чыйырды, М. Далбаева — Каныкей, И. Эшимбеков — Алмамбет, Ч. Думанаев — Чубак, Э. Бекболиев — Сыргак, Т. Бердалиев — Коңурбай, М. Асанбаев — Нескара, А. Жолдошев — Жолой. Кыргыз эли үчүн «Манас» үчилтиги түгөнгүс жомок, ошондой эле кыргыз театры үчүн да бул эпос түгөнгүс булак. Кыргыз искусствосунун чеберлери бул түгөнгүс булакка дагы да далай кайрылышат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4