Кырк-Каракчы тоосу
Көрүнүш
Кырк-Каракчы тоосу — Исфана өрөөнүнүн түндүгүндө кеңдик багытта 22 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1800—1900 м, эң бийик жери 2272 м. Тоонун кыры тайпаң, анда-санда тик чокулар кездешет. Капталдары жантайыңкы, кокту-колоттору аз. Палеогендин чопо, алевролит, кумдук, акиташ теги, доломит жана гипс тектеринен турат. Көмүр кени бар. Тоонун ландшафттары негизинен кургакчыл келип, чөл, жарым чөл, кургак талаа жана талаадан турат. Каптал-жондору чөп-чабынды, жайыт катары пайдаланылат; кайрак эгин айдалат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9