Кырк чоронун күмбөзү

Википедия дан

Кырк чоронун күмбөзүМанастан калган кырк чоро Семетейди жашсынтып, ага баш бербей, биз карыдык, жоокерчиликтен жададык, тынч жашайлык деген шылтоо менен кытай жакка качып жөнөшөт.

Семетейдин аларды токтотууга жасаган аракети текке кетет. Кайра ага каршы согуш ачышат. Ошондо Семетей аларды кырып аларга күмбөз салдырат. Элдик уламыш боюнча ал күмбөздөрдү Кочкор өрөөнүндөгү Талаа-Булак, Төрткүл жана Семиз-Белдеги кыркаланган көп күмбөздөр менен байланыштырышат. Күмбөздөрдүн курулушу 16—19-кылымдын аралыгында бийик босоголуу болуп курулган. Бышырылбаган кыш менен кынаштырылып курулгандыктан урап бүтүп, алардын чала ураган орду гана калган. Мындай архитектуралык курулуш салты Орто Азия элдеринде кийинки убакка чейин колдонулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4