Кырчын салыгы

Википедия дан

Кырчын салыгыЫсык-Көлдүн түндүк тарабынан табылган эрте темир дооруна таандык колодон жасалган буюмдардын тобу. Буюмдар курмандык ырым-жырымдары үчүн пайдаланылган. Ритуалдык тамак салынуучу 2 төрт чарчы үстөл идиш (83х79 см; 69х62 см), 2 ичине от жагып жыт чыгаруучу буюм (курильница), 2 казан. Аталган буюмдардын айрымдары куюлуп жасалган кой менен арстандын кармашкан сөлөкөттөрү, буканын сөлөкөтү, тегерете тизилген барстардын сөлөкөттөрү менен ширетилип кооздолгон. Алар Санкт-Петербургдагы Эрмитажда сакталып турат. Сактардын отко сыйынуу диний ишеними аркасында жаралып, алардын көркөм өнөрүнөн да кабар берет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]