Крым согушу

Википедия дан
Кырым согушу‎»‎ барагынан багытталды)
Крым согушу

Крым согушу (1853–1856), Чыгыш согушу – Жакынкы Чыгыш үчүн Орусиянын Улуу Британия, Франция, Осмон империясы, Сардиния коалициясы менен болгон согушу. 19-кылымдын ортосунда Улуу Британия менен Франция Орусияны Жакынкы Чыгыш рыногунан чыгарып, Түркияны өзүнө баш ийдирген. Император Николай I Жакынкы Чыгышты Улуу Британия менен ортоктош бийлөө жөнүндөгү аракетинен натыйжа чыкпагандан кийин, Түркияга түздөн-түз кысым жасоо менен позициясын калыбына келтирүүнү чечкен. Улуу Британия жана Франция чыр-чатакты күчөтүп, Орусияны начарлатууга, андан Крым, Кавказ ж. б. аймактарды тартып алууга умтулган. Согуштун башталышына православ жана католик динчилеринин ортосунда Палестинадагы «ыйык жерге» ээ болуу үчүн 1852-ж. чыккан талаш-тартыш шылтоо болгон. Түркия 1853-ж. 4 (16)-октябрда Орусияга согуш жарыялаган, бирок орус армиясы чабуулдун мизин майтарган. Вице-адмирал П. С. Нахимов жетектеген орус армиясы Синоп салгылашуусунда түрктөрдүн Кара деңиздеги флотун талкалаган. Түркиянын жеңилиши Улуу Британия менен Франциянын согушка киришин тездеткен. 1853-ж. 11 (22)-апрелде Англия-Франция эскадрасы Одессаны аткылаган. Севастополь 1854–55-жылдары 349 күн баатырдык менен коргонуп, душманга багынган эмес. 1855-ж. 14 (26)-январда Орусияга каршы согушка Сардиния королдугу кирген. Душмандын бир нече чабуулунан кийин орус аскери Севастополду таштап, түндүккө чегинген. 1855-жылдын аягында согуштук кагылышуулар басаңдап, Венада кайрадан сүйлөшүүлөр башталган. Орусия согуштук курал-жарак, техника жана экономикалык жактан Батыш Европадан өтө артта калган. Швеция, Пруссия жана Австриянын Орусияга кастыгы курчуган. Ушундай кырдаалда орус падышалыгы 1856-ж. 18 (30)-мартта Париж тынчтык келишимине кол коюуга мажбур болгон. Кырым согушу эки тараптан тең адилетсиз, басып алуучу мүнөздө болгон.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]