Кэн Ватанабэ

Википедия дан

Кен Ватанабэ (англ. Ken Watanabe;渡 辺 謙? Ватанабэ Кен, 1959-жылдын 21-октябрында туулган) - жапон актеру. Англис тилдүү көрүүчүлөргө актер "Ивожимадан кат" (англ. Letters from Iwo Jima) согуш драмасында генерал Тадамичи Кирибаясинин ролу жана "Акыркы самурай" (англ. The Last Samurai) тасмаларындагы ролу менен белгилүү болгон. Аталган фильмдеги ролу үчүн "Оскар" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясына көрсөтүлгөн. Актер Япония киноакадемиясынын сыйлыгын "Эң мыкты актер" номинациясында 2007-жылы "Эртеңкини эскерип" (англ. Memories of Tomorrow) жана 2010-жылы "Күн эч качан батпайт" (англ. Shizumanu Taiyō) тасмаларындагы ролдору үчүн татыктуу болгон. К. Ватанабэ режиссер Кристофер Нолан тарткан голливуд тасмалары "Бэтмен" (англ. Batman Begins) жана "Башталыш (англ. Inception) тасмаларында дагы ойногон. 2014-жылы актер "Годзилла" (англ. Godzilla) фантастикалык боевик тасмасында роль жаратса, "Трансформерлер: Кыруу доору" (англ. Transformers: Age of Extinction) жана Трансформерлер: Акыркы рыцарь" (англ. Transformers: The Last Knight) тасмаларында үн коштоп, автобот Дрифттин ролун ойногон.

Ал биринчи жолу Бродвей сахнасында 2015-жылдын апрель айында "Падыша жана мен" (англ. The King and I) пьесасында Келли О' Хара (Анна Лионовинс) менен өнөктөш болуп падыша Сиамдын ролун ойногон. 2015-жылы К. Ватанабэ "Тони" сыйлыгына анын 69- расмий аземинде "Мюзиклдеги эң мыкты башкы роль" номинациясында падыша Сиамдын ролу үчүн көрсөтүлгөн. Актер аталган номинацияда сыйлыкка талапкер болгон биринчи жапон актеру.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]