Башталыш

Википедия дан
Башталыш
Режиссеру Кристофер Нолан
Продюсер Кристофер Нолан
Эмма Томас
Жазуучу Кристофер Нолан
Оператору Уолли Пфистер
Тартылгандар Леонардо Ди Каприо
Кен Ватанабе
Жосеф Гордон-Левитт
Марион Котиллард
Элен Пейж
Том Харди
Силиан Мөрфи
Том Беренжер
Майкл Кейн
Музыкасы Ханс Зиммер
Редактору Ли Смит
Студия Legendary Pictures
Syncopy
Жайылтуучу Warner Bros. Pictures
Чыккан жылы
  • июль 8, 2010 (2010-07-08) (Odeon Leicester Square)
  • июль 16, 2010 (2010-07-16) (United Kingdom & United States)
Узактыгы 148 мүн. [1]
Өлкөсү  Улуу Британия[2]
 АКШ[2]
Тили англис
Бюджети $160 млн [3]
Киреше $825.5 млн [3]

"Башталыш" (англ. Inception) — 2010-жылы Кристофер Нолан сценарийин жазган жана тарткан илимий-фантастикалык тасма. Продюсерлери Кристофер Нолан жана Эмма Томас. Тасмада түпкү аң-сезимден маалымат уурдаган адис ууру Доминик Коббго (Леонардо Ди Каприо) мүмкүн эмес деп эсептелген тапшырманы - жалдоочунун идеясын керектүү кишинин түпкү аң-сезимине жалгаштыра алса, жообуна Коббго мурун ачылган кылмыш ишин жок кылып, мекенине (АКШ) кайтууну мүмкүн кылуу сунушу түшөт. Тасмада Эллен Пейж, Жосеф Гордон-Левитт, Марион Котиллард, Кен Ватанабе, Том Харди, Дилип Рао, Силиан Мөрфи, Том Беренжер жана Майкл Кейн тартылышкан.

Тасма Токио шаарында, Канадада ж.б. алты өлкөдө тартылган. Тасманын расмий бюджети $160 млн. Тасманын бетачары Лондондо 2010-жылы 8-июлда өткөн, ал эми салттуу жана IMAX кинотеатрларга 2010-жылдын 16-июлунда чыккан. Тасма ийгиликтүү сатылуу менен дүйнөлүк аренадан $800 миллиондон ашык киреше чогулткан. Тасманын DVD жана Blu-Ray түрүндө сатылуусу да $68 млн тапкан. Киносынчылар тасманын окуясын, музыкасын жана катышуучуларын макташкан. Тасма Оскардын "Эң мыкты кинематография", "Эң мыкты үн", "Эң мыкты үн монтажы" жана "Эң мыкты визуалдык таасир" сыйлыктарын утуп алган жана "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты сценарий", "Эң мыкты коюучу сүрөтчү" жана "Эң мыкты музыка" наамдарына талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Inception. British Board of Film Classification (29-июнь, 2010). Текшерилген күнү 8 -август (баш оона) 2010.
  2. 2.0 2.1 Inception (2010). British Film Institute. Текшерилген күнү 13 -декабрь (бештин айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 14 -декабрь (бештин айы) 2014.
  3. 3.0 3.1 Inception (2010). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 16 -январь (үчтүн айы) 2011.