Күлүйпа Кондучалова

Википедия дан

Күлүйпа Кондучалова (1920-жылы 15-июнда Түркстан АССРинин Семиреченск облусуна караштуу Пишпек уездинин Кара-Жыгач айылында туулган — 2013-жылы 7-сентябрда Бишкекте көз жумган) — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмери,Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри (1953 – 1963) жана Кыргыз ССРинин маданият министри (1958-1980).


Күлүйпа Кондучалова
Күлүйпа Кондучалова
Кыргыз ССРинин маданият министри
1958 — 1980
Андан кийинки: Жумагуль Балтабаевна Нусупова
Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри
1953-жыл — 1963-жыл
Андан мурунку: Шамши Таянов
Андан кийинки: Бегматова Сакин Бегматовна
 
Туулган жылы: 15 -июнь 1920(1920-06-15)
Туулган жери: Кыргыз АССР, СССР
Каза болгон жылы: 7 -сентябрь 2013(2013-09-07) (93 жаш)
Каза болгон жери: Бишкек,Кыргызстан
Мүрзөсүнүн орду: Ала-Арча
Жубайы: Абды Оролбаев
Балдары: уулу Диас, кыздары Гүлжамал, Ирина
Билими: Фрунзе педагогикалык окуу жайы
 
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Баатыры
Кыргыз Республикасынын Баатыры
1- даражадагы «Манас» орденинин ээси
1- даражадагы «Манас» орденинин ээси
Ленин Ордени Ленин Ордени Эмгек Кызыл Туу ордени
Эмгек Кызыл Туу ордени

Эмгек жана партиялык жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күлүйпа Кондучалова 1938-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. Окууну аяктагандан кийин Куланак айылына (Тянь-Шань облусу) иштегени барып, мугалимдик эмгек жолун ошол жерден баштаган. Алгач башталгыч класстын мугалими, кийин жети жылдык мектепте директордун орун басары, андан кийин директор болуп иштеген. 1940-жылдан баштап анын партиялык ишмердиги башталган. Ал Тянь-Шань облустук комсомол комитетинин катчысы болуп дайындалган. Кийин эмгекчилер депутаттарынын Тянь-Шань облустук Советинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, ошондой эле Тянь-Шань обкомунун лектору болгон. 1943-жылдан 1945-жылга чейин Күлүйпа Кондучалова Москвадагы Жогорку партиялык мектепте окуган. Окууну аяктагандан кийин эмгек жолун Кыргыз ССРинде уланткан. 1945-1947-жылдары Кыргызстан КП (б) Фрунзе обкомунун пропаганда жана үгүт бөлүмүнүн башчысынын орун басары, “Коммунист” журналынын редакторунун орун басары, Коммунисттик партиянын борбордук комитетинде Аялдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси болгон. 1947-1948-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун катчысы кызматын аркалаган. 1948-1949-жылдары – Кыргызстан КП(б) Жалал-Абад обкомунун пропаганда жана үгүт боюнча катчысы; 1949-1952-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болуп иштеген; 1952-1953-жылдары Кыргызстан КП БКнын Аялдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси; 1953—1958-жылдары Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалып; 1953—1963-жылдары Кыргыз ССРинин тышкы иштер министринин милдетин аткарган. 1958-жылдан 1980-жылга чейин Кондучалова Кыргыз ССРинин маданият министри болуп иштеген. 22 жыл министр болгон Күлүйпа Кондучалова кыргыз маданиятын өнүктүрүүдө бир нече прогрессивдүү багыттардын демилгечиси болгон. Ал искусство ишмерлерине өзүн көрсөтүүгө жана өз ишинин чыныгы чебери болууга мүмкүнчүлүк берген. Кондучалова министрликти жетектеген мезгилде Кыргызстандын искусствосу эл аралык атакка ээ болгон.

Күлүйпа Кондучалованын жүз жылдыгына арналган иш-чаралар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Легендарлуу маданият министринин 100 жылдыгына карата Кыргызстанда “Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты” жумалыгы жарыяланган. Бул жумалыктын алкагында Кыргызстанда Күлүйпа Кондучалованын кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө жана калыптанышына кошкон салымы тууралуу атайын түз эфирлер, онлайн көргөзмөлөр жана маданий иш-чаралар өткөрүлгөн.

Жумалыктын программасы:

- Күлүйпа Кондучалова жана улуттук мурас, кыргыз маданияты, китеп дүйнөсү

- Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз театрынын искусствосу

- Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз кино искусствосу

- Күлүйпа Кондучалова жана улуттук опера жана балет искусствосу

- Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз музыка искусствосу

- Күлүйпа Кондучалова жана көркөм сүрөт искусствосу

- Күлүйпа Кондучалова жана музей иши, тарыхый эстутум

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күлүйпа Кондучалованын жолдошу Абды Оролбаев финансист болгон. Оролбаев Финансы-экономикалык институтун бүтүргөндөн кийин билимин Ленинград финансы академиясында уланткан. СССР Мамлекеттик банкынын Кыргыз бөлүмүнүн төрагасынын орун басары болуп иштеген. 1961-жылы дүйнөдөн кайткан. Күлүйпа Кондучалованын үч баласы бар: уулу Диас жана кыздары Гүлжамал менен Ирина. Беш небереси жана жети чөбөрөсү бар.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күлүйпа Кондучалова Ленин ордени жана эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

I жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси

2010-жылдын 18-сентябрындагы жарлыгы менен Кыргызстандын мамлекетине жана элине өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн Күлүйпа Кондучаловага Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы өзгөчөлүк белгиси – “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылган. Бул сыйлык мамлекет жана эл алдында өзгөчө эмгек сиңирген, Кыргыз Республикасынын эркиндигин жана эгемендүүлүгүн сактоого баатырдык жана эрдик кылгандарга ыйгарылат.

Адабиятта[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бектурганова К.А. Кыргызстандын асыл кыздары.  сүрɵтчүсү: А. Касымалиев. – Б.: Мамл. тил ж-а энциклопедия борбору, 2006. –  92-99-беттер. ISBN 9967-14-040-2

Тентимишев Мундузбек. Легендарлуу өмүр: Күлүйпа Кундучалова. – Б.: Турар, 2011.- 342 б. – ISBN 978-9967-15-000-3

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Президент Р. Отунбаева вручила К.Кондучаловой особый знак «Ак-Шумкар». Общественный рейтинг (30/09/2010)

Дарья Подольская. Кулуйпа Кондучалова – железная леди Тянь-Шаня.24.kg(01/10/2010)

Аманбек Жапаров. Күлүйпа Кондучалованын керээзи.azattyk.org (08.09.2013)

К 100-летию легендарного государственного и общественного деятеля Кулуйпы Кондучаловой. kabar.kg (23/04/20)

100 лет со дня рождения первого Министра иностранных дел Кыргызской ССР Кулуйпе Кондучаловой. МИД КР (10/06/2020)

Садыр Жапаров: Күлүйпа Кондучалова менен кыргыз маданиятынын алтын доору башталган. kabar.kg (27/02/21)

Лузанова Е. Её называют легендой. Слово Кыргызстана. – 2010. - №46 (2 июля). С. 24

Тузов А. Она защищала памятники. Вечерний Бишкек. -2013. - №108 (10сентября). С. 2