Күнгө күйүү

Википедия дан
Күнгө кийүү

Күнгө күйүү — күндүн ультракызгылт-көк нурларынын же жасалма жарыктын (мисалы, кварц лампасы) таасиринен меланин пигменти көп пайда болуп теринин карарышы. Күнгө күйүү демейде организмдин ультракызгылт-көк нурларга көтөрүмдүүлүгүнүн жана жагымдуу таасиринин белгиси; жүрөк-кан тамыр жана нерв системаларынын иши, зат алмашуу жакшырып, организмдин жугуштуу жана башка ооруларга туруктуулугу артат, табити ачылат жана башка Мындан тышкары сөөк системасына керек, кандын уюшуна, көпчүлүк ферменттердин активдүүлүгүнө таасир этүүчү кальцийдин ичегиде сиңишин күчөтүүчү Д витамини пайда болот.
Күнгө күйүү организмдин коргонуу реакциясынын бири. Ультракызгылт-көк нурдун таасири астында эпидермистин (Тери) меланин пигменти көп атайын клеткалары өсөт. Ошондой эле теринин мүйүз катмары калыңдайт. Теринин мүйүз катмарынын калыңдашы жана меланиндин жылуулукту сиңирүү жөндөмдүүлүгү, ошондой эле тердөө да организмди күн өтүүдөн, өтө ысып кетүүдөн сактайт (Ысык уруу).

Күнгө күйүүнүн шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күнгө акырындык менен күйүү зарыл. Биринчи күнү тике тийген күн нуруна 10—15 мүнөт жүрсө болот, ал эми мелүүн климатта жашагандар түштүктө эс алганда алгачкы күнү көлөкө жерде болуу же кол чатырды пайдалануу сунуш кылынат. Күнгө күйүүдө күндө болуу убактысы 1 — 1 1⁄2 сааттан ашпоосу тийиш. Түштүктө — эртең менен (саат 11 — 12ге чейин) күйүү эң жагымдуу учур. Тамактангандан бир саат өткөндөн кийин күнгө күйүүгө болот (ач карын же тамактанар замат күнгө күйүүгө болбойт); башка жоолук, панама, саман шляпа жана башка кийүү керек, күн тийген жерде уктоого болбойт. Тик тийген күн нурунан көздүн чел кабыкчасы сезгениши мүмкүн (Конъюнктивит), андан көздү сактоо үчүн көз айнек тартынуу керек. Дене күнгө тегиз күйсүн үчүн жаңгактын, чеге гүлдүн же башка өсүмдүк майы менен алдын ала сыйпануу сунуш кылынат. Бетти күнгө күйүүдөн сактоо үчүн жазында жана жайында күндөн коргоочу бет майларды («Крем от загара», «Луч», «Щит») пайдалануу сунуш кылынат.
Күндө болуу режимин туура сактабаса, организм өтө ысып, күн өтүп, дерматит (теринин күйүп кетиши) болушу мүмкүн. Тери күйүп кеткенде, анын айрым жерлери кызарып, бир аз шишип чыгат; кээде чыйрыгып температура көтөрүлөт, баш ооруп, жүрөк айланат. Шишикти таратуу жана ачышканын басуу үчүн муздак нерсе басып, күйгөн жерге айран же атыр, теңге гүл (календула) ачытмасын, арак сыйпап, териде ыйлаакчалар пайда боло баштаса, врачка кайрылуу керек.
Күнгө күйүү бардык кишиге пайда келтирбейт: улгайган кишилерге, эки жашка чейинки балдарга, кош бойлууларга, ошондой эле өпкөнүн өнөкөт оорусу (айрыкча туберкулёз), нерв жана жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандарга күндө узакка болууга болбойт. Айрыкча денеси ала кишилер (альбиностор) күн нуруна сезгич болушат. Алардын денеси тез күйүп, ооруксунат. Күнгө тез күйгөн кишилер көчөгө чыгарда денесинин ачык жерлерине күндөн сактоочу бет май сүйкөп, кол чатыр менен, ошондой эле көлөкөдө басуулары зарыл, аларга жайында түштүк курортторунда эс алууга, кала берсе орто жана түндүк тилкедеги пляждарда болууга болбойт (Аба жана күн ванналары).


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8