Ысык уруу
Ысык уруу — организмдин өтө ысып кетишинен пайда болуучу оорулуу абал. Балдар, эткел кишилер, жүрөк-кан тамыр жана эндокрин системасы ооругандарды тез ысык урат. Күн нуру башка тике тийгенде күн өтөт. Күн өткөндөгү эң алгачкы белгилер: шалдыроо, алсыроо, жүрөк айнуу, баш ооруу, баш айлануу. Андан кийин эти ысып (38—40°Сге жетет), куса баштайт, эсин жоготуп, тырышуусу мүмкүн. Көбүнчө желсиз, аптапта ысык урат. Буга өзгөчө ысыкка байымсыз же оор кара жумуштагы адамдар дуушар болот. Ысык урууга, ошондой эле күн нурун начар чагылтуучу кара кийим, аба өткөрбөй, терди начар буулантуучу кийимдер да түрткү берет. Жабык имаратта абанын температурасы жана нымдуулугу жогору болсо да (мисалы, ысык цехтерде иштегенде) Ысык уруу мүмкүн.
Ысык уруунун белгилери билинери менен дароо врачты чакыруу же жабыркаган кишини эң жакынкы медицина мекемесине жеткирүү зарыл. Врач келгенче жабыркаган кишини көлөкөгө же салкын үйгө жаткырып, кийимин чечип, башына, моюндун эки жагына, колтугу жана жука чурайы ченге муз салынган же муздак суу куюлган идиш басуу, сууланган шейшеп менен ороп коюу керек; туздуу муздак суу, муздак чай жана кофени көп ичирүү сунуш кылынат. Дем алууну жакшыртуу үчүн муздак сууга нымдалган сүлгү же жоолук менен акырын бетке чапкылап, нашатырь спиртин жыттатат, кычкылтек менен дем алдырып, денесин сүргүлөө керек. Врач келгенче кордиамин, 10%түү кофеин эритмесин ичирүүгө болот. Дем алуусу кыйындап баратса же дем албай калса жасалма дем алдыруу зарыл.
Күн өтпөө, ысык урбоо үчүн күн ысыкта жеңил, денени кыспаган түсү ачык кийим кийип, баш кийимчен жүрүү керек. Жылуулукту жөнгө салуусу начар кишилер пляжда эс алуу учурунда этият болуп, узак убакыт күнөстө жана ысык имаратта болбоо керек (кара Аба жана күн ваннасы).
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8