Күнөө шаары

Википедия дан
Күнөө шаары
Режиссеру
Продюсер
Жазуучу
  • Фрэнк Миллер
  • Роберт Родригес
Оператору Роберт Родригес
Негизинде Күнөө шаары
автору: Фрэнк Миллер
Тартылгандар
Музыкасы
Редактору Роберт Родригес
Жайылтуучу Miramax Films
Чыккан жылы
Узактыгы 124 мүн.
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $40 млн[2]
Киреше $158.8 млн[2]

"Күнөө шаары" - (англ. Sin City, орус. Город грехов, "Фрэнк Миллердин күнөө шаары" деген ат менен да белгилүү) - 2005-жылы Фрэнк Миллер тарткан, жазган жана өндүргөн америкалык нео-нуар кылмыш антологиялык тасмасы. Тасма Миллердин окшош аталыштагы графикалык романына негизделген.

Тасманын көпчүлүк бөлүгү Миллердин биринчи, үчүнчү жана төртүнчү комикс сериялуу китебине негизделген. Тасманын биринчи окуясы сүйгөнүн өлтүргөндөрдү издөөдө жолуна чыккан адамдардын баарын, алтургай полицияны да өлтүргөн адам тууралуу баяндайт. Экинчи окуя көчө урушу болобу, сойку тобу болобу, жалданма киши өлтүргүчтөр болобу, полиция болобу баарын камтыйт. Үчүнчү окуя жаш кызды киши өлтүргүчтөн коргогон улгайып калган офицер тууралуу баяндайт. Тасманын кириши жана аягы 6-комикс сериясындагы "Кардар дайыма туура" аттуу кыска аңгемеге негизделген.

Тасмага тартылгандар: Жессика Алба, Бенисио дел Торо, Бриттани Мөрфи, Клив Оуен, Микки Рурк, Брүс Уиллис, Элайжа Вуд, Алексис Бледел, Майкл Кларк Дункан, Розарио Доусон, Карла Гужино, Рутгер Хауер, Жейм Киң, Майкл Мэдсен жана Ник Стал.

Тасма сын жагынан да, киреше жагынан да ийгиликке жеткен. Тасманын ак-кара түстө тартылып, кээ бир нерселери гана түстүү берилгени мактоого татыган. Тасма Канн фильм фестивалында көрсөтүлгөн жана Техникалык гранд призин утуп алган.

Сюжет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. GTY premiere of "Sin City" - Arrivals (May 5, 2014). Текшерилген күнү 18 -июль (теке) 2014.
  2. 2.0 2.1 Sin City (2005). Box Office Mojo. IMDb. Текшерилген күнү 2 -сентябрь (аяк оона) 2012.