Күрдүү топурак

Википедия дан

Күрдүү топурак, асыл топурак, семиз жер - өсүмдүктөрдүн өсүүсү үчүн зарыл болгон органикалык жана минералдык заттарга бай топурак. Мындай топурактар борпоң, чириндиге бай келип, абаны, нымды жакшы өткөрөт.

Экиге бөлүнөт:

  • 1) табигый - дың жерлердеги, кысыр аңыздардагы топурактар;
  • 2) түрдүү жер семирткичтер (жергиликтүү, хим.) пайдалануу аркылуу семиртилген топурактар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2