Күрсү

Википедия дан

Күрсү (иранча гурс) — бетме-бет салгылашууда колдонулуучу чокмор түрүндөгү курал. К-нүн чабыла турган бөркүнө тикен тиш металл чөгөрүлөт. К-нү найза сайышкан соң гана пайдаланышып, анын соккусуна коргонуу үчүн калкан тосот (Сагымбай Орозбаков, 1. 202). К-нүн дагы бир түрү «чоюнбаш». Манас баатыр Зулпукор кылычын сол жагына, «он эки батман чоюнбашын» оң жагына байланганы (Саякбай Каралаев, 2. 184, 185) сүрөттөлөт. Ал эми Макел-дөөнүн «чатында кыстарган» куралы «үйдөй күрсү чоюнбаш» (Сагымбай Орозбаков, 4. 323) болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4