Күрүчбеков Акынбек

Википедия дан

АКЫНБЕК КҮРҮЧБЕКОВ (1922 – 1988) - акын.
Акынбек Күрүчбеков 1922-жылы Кыргыз ССРинин Калинин районундагы Сарыгоо сельсоветинин «Эриктүү» кыштагында туулган.
1940-жылы Фрунзе шаарындагы гидро-мелиоративдик техникумуна кирет да, анын 1-курсун ийгиликтүү аяктайт.
1941-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылып, атчандар полкунда болуп атайын курстан өткөн соң, взводдун командиринин жардамчысы болуп дайындалат.
1942-жылы Калинин фронтунда 31-аткычтар полкундагы бөлүмдөрдүн бирине командир болуп дайындалат. Ржев шаарынын жанында катуу жарадар болуп, туулган жерине кайтат.
1943–1945-жж. Сарыгоо сельсоветинде эсепчи, ферма башчысы болуп иштейт.
1945–1947-жж. Фрунзедеги эки жылдык юридикалык мектепти бүтүп, 1947–1950-жж. Тянь-Шань облсотунун мүчөсү, 1951-жылы Жалал-Абад облустук адвокаттар коллегиясынын президиумунун төрагалыгына, 1952–1954-жж. Токтогул райондук эл судьялыгына, 1954–1955-жж.
Жалал-Абад облсотунун төрагаcынын орунбасарлыгына, 1955–1962-жж. Кыргыз ССРинин Жогорку Сотунун мүчөлүгүнө шайланган.
1962-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Юридикалык комиссияга мүчө болуп иштеп туруп, 1965-жылы республикалык маанидеги персоналдык пенсияга чыккан.
1968–1971-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинин адабий кызматкери, 1971–1974-жж. Кыргызстан Илимдер академиясынын алдындагы Кыргыз Совет энциклопедиясынын башкы редакциясынын партия тарыхы, философия жана укук редакциясында илимий редактор болуп иштеген.
А.Күрүчбековдун «Ук, бонндук солдат» деген публицистикалык көлөмдүү поэмасы 1967-жылы жарык көргөн. А.Күрүчбеков элдик ырга айланган белгилүү «Сонунда» деген ырдын автору.
А.Күрүчбеков 1970-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңип чыккандыгы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиштүү аяктаганына XX жыл», «СССРдин куралдуу күчтөрүнө 50 жыл», «1941–1945-жылдардагы согуштун жеңишине 25 жыл» медалдары менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Атама кат. – Ф.: Кыргызмамбас, 1965. – 100 б.

Ук, бонндук солдат! – Ф.: Мектеп, 1967. – 124 б.

Окко каршы: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1976. – 84 б.

Ишеним: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1978.– 92 б.

Күн айтат: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1979, – 82 б.

Өмүр: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 124 б.

Адамзатка кайрылуу: Публицист. поэма жана ырлар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 72 б.

Адилет жаңырыктары: Публицистика жана ой толгоолор. – Адабият, 1989. – 120 б.

Орус тилинде

Сильнее смерти: Стихотворения и поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 128 с.