Көгарт ашуусу

Википедия дан
Көгарт, ашуу‎»‎ барагынан багытталды)

Көгарт ашуусуФергана тоо тизмегинде. Көгарт суусунун башынан орун алган. Бийиктиги 3319 м. Ашуунун бели түзөң, түндүк-чыгыш капталы тигирээк, түштүк-батышы бир аз жантайыңкы. Негизинен силур менен девондун мрамор, сланец, акиташ тектеринен турат. Кышында калың кар жатат. Июнь—сентябрь айларында ачык. Сузак жана Тогуз-Торо райондорун байланыштырган автомобиль жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]