Көзкамандар окуясы
Көзкамандар окуясы — «Манас» эпосундагы орчундуу өзөк окуялардын бири, туруктуу салттык окуялардын катарына кирген чоң бөлүм. Кыскача мазмуну Көзкамандар окуясына жакын окуя «Мажму ат-таварихте » да бар. Баатырга жакын тууганы, кээде жолдошу, аялы жана башкалар кастык кылып уулантып, андан укмуштуу түрдө аман калуу (кээде өлүп кайра тирилүү) жөө жомоктордо, эпостордо кеңири белгилүү сюжет.
Композициялык бүтүндүккө ээ бөлүм катары айтылуучу көпчүлүк башка туруктуу салттык окуялардан айырмаланып Сагымбай Орозбаковдун вариантында, башка көп манасчыларда да «Көзкамандар окуясы» эпостун туруктуу салттык окуяларына жата турган башка орчундуу окуялар менен аралаш берилген. Сюжетти татаалдаштыруунун мындай ыгы көлөмдүү эпосторго мүнөздүү белгилерден.
Үсөндүн элин издеп чыгышы — «Көзкамандар окуясындагы» киришүүнүн милдетин аткарган бөлүмчө, негизинен Үсөн жөнүндөгү жалпы маалыматтар баяндалат. Кыргыздарды кытайлар басып алып Ногой кандын балдарын туш-тушка бөлгөндө Жууша деген жердеги дөңгө деген элге айдалып барган жыйырма төрт жаштагы Үсөндүн аялы төрөттөн өлүп, ымыркай баласы колунда калат. Ага Көкчөкөз деп ат коюп, койнуна салып көтөрүп, багып чоңойтот. Буудай айдап жан багып жүрөт. Калмактан Субай аттуу аял алып, ал алты уул төрөйт: Чагалдай, Арбалдай, Дөрбөлдөй, Агалдай, Бегалдай, Тоголдой. Үсөндүн өз аты унутулуп Көзкаман атыгып кетет. Көзкаман жетимиш төрт жашка чыкканда иниси Жакыптын уулу Манас мыкты чыгып, душмандарын жеңип, ата конушуна көчүп барганын угуп, элине барууну чечет да, балдарын көндүрүп, көчүп чыгат. Алтайды басып өтүп, Илеге түшүп жөө жалаңдап жол жүрүп отурат.
Радлов жазып алган вариантта «Көзкаман» деген атайын тема менен эпостун бешинчи бөлүмү катары берилген. Мында да Көзкамандарга гана тиешелүү окуялар баяндалбастан «Айган окуясы» жана башкалар эпизоддор да кошо баяндалат. Ал түгүл Манас Көзкамандардын көчүнө жолугуусу Айганга бараткан жортуул учурунда болот. Эпизоддун башталышы негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын.
Саякбай Каралаевдин вариантында «Көзкамандар окуясы» «Манаста» айтылбайт. Эпостун «Семетей» бөлүмүнүн «Каныкейдин жомогунда» берилет. Кытайдын түпкү каны Карыкан айдалып кетип ошол боюнча дили да, дини да калмак болуп калган Манастын туугандары Көзкаман, Көкчөкөздү Манасты өлтүрүп келүүгө жиберет. Окуянын ушул мүнөздө башталышы «Мажму ат-таварихтеги » эпизоддорго жакын. Анда Жолой түпкү аталары Манас менен бир уруулаш тууган болгон Тубайды Манасты өлтүрүп келүүгө жумшайт.
Шапак Рысмендеевдин вариантында, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын айтылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4