Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги

Википедия дан
КМШнын желеги
КМШ (2015).

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги[1] (КМШ) ― эгемендүү, көз карандысыз мамлекеттердин өз ара макулдашууларынын жана келишимдеринин негизинде түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги 1991-жылы 8-декабрда Минск шаарына жакын жердеги Беловеж токоюнда СССРдин курамындагы Орусия, Украина, Беларусь президенттери кол койгон келишимдин негизинде түзүлгөн. Бул 1991-жылы 17-мартында СССР боюнча өткөрүлгөн референдумда СССРди сактап калууну колдогон (76%) көпчүлүктүн эркине каршы окуя болуп, 15 республиканы бириктирген СССРдин кулай баштаганын билдирген.

Ошол эле жылы 21-декабрда Алматы шаарында жогорку 3 мамлекет менен дагы 9 мамлекет ― Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан биригишип, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги түзүлгөндүгү жөнүндөгү келишимге кол коюшуп, декларация кабыл алышкан. Ошентип, СССР жашоосун биротоло токтоткон. СССРдин Президенти М.С. Горбачев, 25-декабрда президенттик милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген. Шериктеш мамлекеттердин максаттары жана принциптери төмөнкүдөй аныкталат: Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өзүнчө бөлүнүп түзүлгөн мамлекет же мамлекеттердин үстүнөн караган бирикме эмес анын катышуучуларынын өз ара иш-аракеттери, мамлекеттер тарабынан түзүлгөн келишимдерде макулдашылган тартипте паритеттик (теңдик) принцип боюнча ишке ашырылат эл аралык стратегиялык туруктуулукту сактоо максатында аскердик-стратегиялык күчтөр боюнча бириккен командалык жана ядролук курал боюнча бирдиктүү көзөмөлдөө сакталат; тараптар өз ичинен ядросуз же бейтарап мамлекет болууга умтулган өлкөгө урмат-сый менен мамиле кылышат; Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине башка дагы каалаган мамлекеттер кошула алышат. Көз карандасыз мамлекеттердин шериктештигинин негизги кеңешүүчү жана координациялык органдары – шериктеш мамлекет башчыларынын кеңеши, өкмөт башчыларынын кеңеши, секретариаты, мамлекеттер аралык экономикалык комитет, экономикалык, сот, мамлекеттердин парламент аралык ассамблеясы, коргоо министринин кеңеши, тышкы иштер министрлеринин кеңеши, космос боюнча мамлекеттер аралык кеңеш, коллективдүү коопсуздук келишими жана башка коомдук турмуштун чөйрөлөрүн камтыган уставдык органдар, уюмдар болуп саналат.
Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин өлкөлөрүнүн кээ бирөөлөрү өздөрүнчө бир кыйла тыгыз, терең байланышкан союз түзүүгө да аракет кылып жатышат. Мисалы: Орусия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан биргелешип бажы бирикмесин түзүштү. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги дагы Орто Азия республикаларынын да өз ара байланыштары өнүгүүдө.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. http://ud.gov.kg/index.php/kg/uyumdar-kg/2-uncategorised/196-k-z-karandysyz-mamleketterdin-sherikteshtigi