Көкмойнок - Кара-Кече көмүрлүү аймагы

Википедия дан

Көкмойнок - Кара-Кече көмүрлүү аймагы, Кабак күрөң көмүр бассейни – Нарын облусунун Жумгал р-нундагы көмүр кендери жаткан аймак.

Чаек кыш-нан 45 км түш.-батыш тарапта, Молдотоо м-н Түш. Кабак тоолорунун аралыгындагы Миңкуш ж-а Каракече өрөөндөрүндө жайгашкан. Аймактын көмүрү жерг. элге илгертен белгилүү. Уз. 88 км, туурасы 5–8 км. Мында Саркамыш, Көкмойнок, Миңкуш 1,2,3, Доңуз, Каракече, Карачийлүү сыяктуу бир нече кен белгилүү. Райондун аймагын ордовик, карбон, юра ж-а неоген-палеогендин чөкмө тоо тектери, антропогендин борпоң чөгүндүлөрү түзөт. Көмүр кендери юра мезгилинде пайда болгон тектерде топтолгон. Алар калыңдыгы 81 мге жеткен бир нече көмүр кабаттарынан турат. Көмүр күрөң; гумустуу, күкүрттүү ж-а күлү аз.Күйгөндө 21,5 МДж/кг жылуулук берет. Райондо көмүрдүн 1800 м тереңдикке чейинки жалпы геол. запасы 3,9 млрд т. Келечекте отун ресурсун көбөйтүүдө, хим. сырьёлорун алууда мааниси чоң.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2