Көк-Ала

Википедия дан

Көк-АлаЧаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталындагы көл. Ала-Бука районунда. Каба-Сай суусунун төрүнөн орун алган. Аянты 0,84 км2, тереңдиги 100–130 м. Көл чанагы деңиз деңгээлинен 2606 м бийикте жатат. Гравитациялык жер көчкүнүн өрөөндү бөгөп калышынан пайда болгон. Жээктери зоокалуу, тик. Суусунун темпретурасы 19,5 – 21 Сге жетет. Көлгө бир нече агын суу куюп, суунун бир аз бөлүгү бөгөттүн астынан сарыгып агып чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]