Көк-Жаңгак таш көмүр кени

Википедия дан

Көк-Жаңгак таш көмүр кени - Жалал-Абад облусунун Сузак р-нунда; Орто Азиядагы ири ташкөмүр кендеринин бири.

Көкжаңгак ш-нын түш. тарабында, Жалал-Абад ш-нан 30 км чыгышта, Акман тоосунда жайгашкан. Жерг. элге илгертен белгилүү. Кен аймагын силур-девондун чөкмө тектери ж-а юра м-н бор мезгилдеринин континенттик чөкмөлөрү түзөт. Көмүр‚ юра мезгилинин гравелит, кумдук ж-а чополуу катмарларынын арасында жатат. Мында 14кө жакын көмүр‚ кабаттары бар. Калыңдыгы 1,0–15,8 м. Көмүр гумустуу, узун жалын м-н күйүүчү ташкөмүр тобуна кирет. Жылуулук энергиясы 18,47 Мдж/кг, орт. Күлдүүлүгү 17,3%. Көмүрдөн кокс алууга болот. Жалпы запасы 159,1 млн т. Көмүрдүн казып алынышы Октябрь революциясына чейин эле (1890, 1914–16) жүргүзүлгөн. Өнөр жайлык мааниде 1931-жылдан казыла баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2