Көк-Кыя

Википедия дан

Көк-кыяАк-сай өрөөнүндөгү суу, Ак-сай суусунун оң куймасы. Ат-башы районун аймагы аркылуу агат. Какшаал тоо тизмегинен башталат. Узундугу 83 км, алабынын аянты 1050 км2.

Жогорку агымында өрөөнү бирде кууш, бирде кеңейип, кээдесалааларга бөлүнүп агат. Башталышында 3514 м бийиктикте, аянты 4,5 км2 келген Көл-Суу көлү бар. Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат.

Ири куймалары: Ак-сайууру (29 км), Туюкботомойнок (28 км), Карабел (10 км) – оң; Туюкхожент (13 км), Хожент (11 км) – солкуймасы. Жылдык орточо чыгымы 3,75 м3/сек; эң көбү июлда, эң азы мартта байкалат. Сентябрда тартылып, майда киребаштайт.