Көл-Кечүү

Википедия дан

Көл-Кечүүтопоним. Ит-Ичпес дарыясындагы терең кечүү. Кытайлардын жылкысын тийген элдик баатырлардын артынан Коңурбай куугунга түшөт. К.-К-нү көп жылкы кечип өтмөк болгондо кууп жеткен көп душман туш-туштан жабылып, Манастын минген аты Айбанбоздун начардыгынан пайдаланып айласын кетирет. Алмамбет менен Чубак жардамга келип, Манас аркы өйүзгө чыгат. Бирок, жоо Алмамбет менен Чубакты кармап алмак болгондо Алмамбеттин айтканына көнбөй Манас кайрадан К.-К-гө салып аларга жардамга келет. К.-К-дө жоонун көбүн кырып, экөөнү ажыратып алат. Аңгыча Бакай баштаган кол да жардамга келет (Сагымбай Орозбаков, 4. 331, 333—334).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4