Көтмалды (аймак)

Википедия дан

Көтмалды (орус тилиндеги адабияттарда, карталарда – Кутемалды) – өзөндүн, жердин, сепилдин аты.

Кочкор (Чүй) суусу м-н Ысык-Көлдүн, Бозбармак дөңсөөлөрү м-н Бишкек – Балыкчы жолунун аралыгындагы аймак. Батыштан чыгышты карай 7–8 кмге, түштүктөн түндүктү көздөй 5–6 кмге созулат. Абс. бийиктиги 1620 мден (батыш жагы, Кочкор суусунун чыгыш жээги) 1606 мге (Ысык-Көлдүн деңгээли) чейин. Рельефи түздүктүү, түндүктү ж-а чыгышты карай бир аз эңкейиш; Бозбармакка жакын түш.-батышы ж-а Кочкор суусуна чектеш жаткан батыш тарабы бир аз көтөрүңкү. Бул жерлер тегиз, бирок эски («Калмакарык», «Орусарык») ж-а жаңы (Бууганарык) каналдар м-н тилмеленген. Түн. жагы майда чыбыр, Көтмалды (Бууган) салаасынын эски нуктары м-н тилмеленген. Түздүк плейстоцендин аягындагы, голоцендеги, ошондой эле азыркы шиленди ж-а чөкмө (кум,чопо) тектер м-н капталган. Аймактын чыгыш жагын бүт көл чөкмөлөрү, түш.-батыш тарабын Кочкор суусунун шилендилери, түн.-батышын шамал айдама кумдар ээлейт. Балыкчы ш-нын батыш четинде дюна түрүндөгү чакан «көчмө» кумдар кезигет. Аймактын Ысык-Көлгө жакын чыгыш бөлүгү (чоң жолдун ылдый жагы, мурунку Кызылсаз) кургап бараткан майда өңгүл-дөңгүлдүү саздак жер.

Көлгө чектеш тилке (туурасы 500 мге чейин) камыш, өлөң чөп, жекен ж. б. өскөн жапыз жээк. Климаты мелүүн континенттик, кургакчыл; июлдун орт. темп-расы 17–19° С, январдыкы –3...–5° С. Жылдык жаан-чачыны 110–119 мм; кышында кар жатпайт. Агын суулары жок. Бууган салаасы дайыма кургак. Кум, чопо шагылдуу чөл ландшафты мүнөздүү. Кыртышы таштуу бозомук күңүрт чөл топурагы басымдуу; кум, саз да кезигет. Чий, шыбак,күүдүрөк, чекенде, кемпир муштум ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Акыркы 30–40 жыл ичинде К-нын аймагы кескин өзгөргөн: жер бети түзөтүлүп, каналдар казылып көп жери айдоого айланды. Эскибуугандын нугунун аз жери гана мурдагы калыбында. Кочкор суусунун кашаттарына (Сарыбулуң) бак (өрүк, терек, каражыгач ж. б.) тигилип, токойго айланган. Аймактын түн. жагын т. ж., чыгыш жагын авт. жолдору кесип өтөт. Геогр. абалы («тогуз жолдун тоому») ыңгайлуу болгондуктан К-нын аймагы эзелтен элди өзүнө тарткан. Палеолитте Бозбармактын этегинде, неолитте Көтмалдыда байыркы адамдар жашаган. Сак, усун элдери да бул жерлерди мекендегендигин ошол мезгилден калган бейиттер айгинелейт. Түрк урууларынын убагында да К. маанилүү роль ойногон. 10–12-к-да Сарыбулуңда (Балыкчыдан 9 км түш.-батышта) эл жашап, анда темир иштетүү өндүрүшү өнүккөн. Айлана-тегерегинде дагы башка эски эстеликтер кезигет. Өткөн кылымдын орто ченинде К-га кокондуктар сепил курушкан. Октябрь рев-ясына чейин кыргыз журтчулугунун чоң жыйындары бул жерге өткөрүлүп турган. Чүй, Ысык-Көл, Нарынды байланыштырган араба жолу салынганда, 1871-ж. Кочкор суусунун Боом капчыгайын көздөй имерилишине (оң жээгине) бекет түшкөн. Анда почта станциясы, жүргүнчүлөр, почта кармаган адам ж. б-лар үчүн 4–5 үй турган. 1876-ж. почта кармаган казак-орус С.Е.Дмитриев К-га жылкы з-дун курган. 1900ж. бекет ошол адамдын ысмы м-н «станция Дмитриевская» деп аталып, кийин Ново-Дмитриевское деген атка көчкөн. 1913-ж. Мында 15 түтүн эл турган.

Азыр К-нын аймагы Тоң р-на карайт. Бирок көп жерин Балыкчы ш. пайдаланат. Көтмалды геогр. тарыхында көптөн берибелгилүү ат. Ал Чүй м-н Ысык-Көлдүн деңгээлинин өзгөрүшү, Байыркы Чүй жөнүндөгү илимий маселелердин түйүнүндө турат. Бул темалар адабиятта 19-к-дын башынан бери талкууланып келе жатат. Өзгөчө талашы Көтмалды (Бууган) салаасы жөнүндөгү маселе (к. Бууган). Бууган К-нын 2-аты, бирок экөөнүн тең этимологиясы чечиле элек. К. топоними Кырг-ндын түштүгүндө, Казакстанда ж. б. жерлерде кезигет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2