Көч - көч

Википедия дан

Көч – көч - кыргыз элинин байыркы оюну.

Оюнга 6 – 13 жаштагы 20 – 25 оюнчу катышат. Калыс оюнчуларды бири – биринен курунан карматып катарга тургузат. Алар “ койлор ” деп аталат. Бир оюнчу “ карышкыр ” болот.
Калыс карышкырды оюнчулардан 4 – 5 метр алыстыкка чыгарып оюнду баштоого белги берет. Оюнчулар хор менен “ көч – көч ” дешип жай басышат. Карышкыр болсо койлордон колуна тийгенин оюнчулардан ажыратып алып калат . Оюнчулардын эё алдында турган оюнчу карышкырды кубалайт. Калган оюнчулар карышкырга карматпоого аракеттенишет. Карышкыр кармап алган "кой" оюндан чыгат. Ошентип, оюн улантыла берет.

Маалымат булагы: С. Токторбаев. “Өспүрүмдөр оюндары "