Мазмунга өтүү

Лабрадор деңизи

Википедия — ачык энциклопедия
Лабрадор деңизи
англ. Labrador Sea, фр. Mer du Labrador

Лабрадор деңизинин картасы
Координаттар: 59°29′23″ с. ш. 54°04′10″ з. д.HGЯO
Мүнөздөмөлөрү
Аянты

840 000 км²

Көлөмү

1 596 000 км³

Эң терең жери

4316 м

Орточо тереңдиги

1898 м

Туздуулугу

34-35 ‰

Куйган дарыялар

Черчилл

Максималдуу температурасы

7-10 °С

Минималдуу температурасы

-1 °С

Өлкө

 Канада,  Гренландия

Океан

Атлантика океаны

Лабрадор деңизи (Түндүк Америка)
Лабрадор деңизи
Лабрадор деңизи Викиказынада
Лабрадор деңизи.
Лабрадор деңизи: Айсберг жана Кит сымал (Megaptera novaeangliae.).

Лабрадор деңизи (Labrador, порт. lavrador – дыйкан) – Атлантика океанындагы четки деңиз, Лабрадор жарым аралы менен Гренландия аралынын түштүк четинин аралыгында жайгашкан. Аянты 841 миң км2, көлөмү 1596 миң км3. Эң терең жери 4246 м. Лабрадор жарым аралынын жана Ньюфаундленд аралынын жээктери фьорддуу, өтө тилмеленген, майда аралдар жана ыңгайлуу бухталар көп. Тайыз (тереңдиги 200 мге чейин) шельфи деңиз таманынын 22% аянтын түзөт. Деңиз таманынын басымдуу бөлүгүн Лабрадор чуңкурдугу ээлейт, анын борбордук бөлүгүндө каньон жайгашкан. Гренландияны жээктей Батыш Гренландия жылуу агымы түндүктү, Лабрадор жарым аралын жана Ньюфаундленд аралын жээктей Лабрадор муздак агымы түштүктү карай агат. Жээк бөлүгү октябрдан августка чейин тоңот. Суунун температурасы февралда –1,7ᵒСтан августта 2–10ᵒСка чейин; орточо туздуулугу жээк тилкесинде 31‰, Атлантика океанынын чегинде 34,5%. Суткасына 2 жолу ташкындайт, анын бийиктиги Фарвель тумшугунун жээгинде 5 мге чейин.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7