Ладви

Википедия дан
Ладви метро бекетинен бир көрүнүш. Прага шаары, Чехия.

“Ладви” метро бекети (чехче: Stanice metra Ládví) – Чехиянын ордо шаары Прагадагы метронун “С” багытынын Прага-8 бөлүгүндөгү Кобылисы ооданында жайгашкан бекети.

Кыскача таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Прага шаарындагы “Ладви” метро бекети (Stanice metra Ládví) 2004-жылы июнда ачылган.

Кийинчерээк (2008-жылдын май айында) бул метро багыты “Летняны” бекетине чейин узартылган. Ага чейин “Ладви” бекети “С” багытынын түндүк-батыштагы эң соңку бекети болуп турган. Азыркы тапта да “С” багытынын шаардын түштүк-чыгышынан чыккан кээ бир поюздары “Ладви” метро бекетине чейин эле жүрөт.

Метро бекетинин мүнөздөмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бекет жер кыртышынын астында болжол менен 8,8 метр тереңдикте жайгашкан. Деңиз деңгээлинен болжол менен 282 метр бийиктикте. Бекеттин чордонунан түндүк жана түштүк багытка чыга турган эскалаторлор жана тепкичтер кетет. Бул чыга бериштер аркылуу тийешелүү трамвай жана автобус аялдамаларына барууга болот. Бекетте майыптар үчүн атайын лифт да бар.

Бекеттин жанында кинотеатр, дүкөндөр, почтоо бөлүмү, интернети бар китепкана, автоунаа койо тургандай парк жана спорттук машыгуу аянтчасы жайгашкан.

Метронун андан аркы уландысы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ладви метро бекетинен ары «С» багытынын түндүк-батыш куйругун көздөй «Стричков» (Střížkov), «Просек» (Prosek) жана «Летняны» (Letňany) бекеттери жайгашкан. Бул уланды 2008-жылы май айында ишке берилген. «Летняны» (Letňany) бекетине жакыныраакта «Летняны» (Letňany) көргөзмөсү, ири дүкөндөр тобу, кинотеатр жайгашкан.

Ладви дөңсөөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ладви метро бекетинен түндүгүрөөктө (1,5 чакырымдай алыстыкта) ойдуңда Ладви дөңсөөсү орун алган.

Ладви (чехче Ládví) дөңсөөсү деңиз деңгээлинен 357 метр бийиктикте жайгашкан. Дөңсөө миллиондогон жылдар мурда ири мухиттин деңизинин бир аралынын чокусу болгон. Ладви дөңсөөсүнүнү айланасындагы токой «Дяблицки хай» (чехче - Ďáblický háj, «Шайтан чер токойу») деп аталат. Бул дөңсөө Прага шаарынын Прага-8 бөлүгүнүн Кобылисы ооданынын аймагында жайгашкан.

Дөңсөөнүн аймагы мамлекеттик көзөмөлдөгү жаратылыш паркы катары көз карегиндей сакталат.

Аймакта планетарий (чехче «хвездарна») жана спорттук машыгуу жана сейил куруу үчүн тийешелүү жайлар жайгашкан.

Адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]