Лампрофир

Википедия дан

Лампрофир (гр. lampris – жылтырак жана порфир) – тарамдашкан мелонакраттуу магмалык тек. Тектеш тектерден түстүү минералдардын көп санда (30%тен кем эмес) болушу менен айырмаланат. Өңү-түсү каралжын боз, кара. Негизинен талаа шпатынан (кээде фельдшпатиттен) жана түстүү минералдардан (амфибол, пироксен, биотит) турат. Химиялык курамына жараша акиташтуу-жегичтүү (спессартит, керсантит жана башка) жана жегичтүү (камптонит, альнёит жана башка) түрлөргө бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7