Пьер-Симон Лаплас

Википедия дан
Лаплас Пьер Симонде‎»‎ барагынан багытталды)
Pierre-Simon de Laplace
Туулган жылы:

1749-жыл

Туулган жери:

Бомон-ан-Ож, Кальвадос департаменти

Илимий чөйрөсү:

математика, механика, физика, астрономия

Белгилүү болгондугу:

Аалам механикасынын атасы

Белгилүү болгондугу:

Аалам механикасынын атасы

Пьер-Симон, маркиз де Лаплас (23. 3. 1749, Нормандия, Бомон-ан-Ож – 5. 3. 1827, Париж) – франциялык астроном, математик жана физик. Петербург ИАнын (1802) ардактуу, Париж ИАнын (1785), Франция ИАнын (1816) мүчөсү. 1790-жылдан чен жана салмак палатасынын председатели. Лапластын илимий эмгектери асман механикасы, математика жана математикалык физика маселелерине арналган. Алгебрадагы кошумча минорлордун көбөйтүндүлөрүнүн суммасынын аныктагычын туюнтуу жөнүндөгү теорема Лапласка тиешелүү. Лапластын фундаменталдык эмгектери дифференциалдык теңдемелерге, шардык функцияларга арналган. Ыктымалдыктар теориясына зор салым киргизген. Лапластын классикалык эмгеги «Аналитикалык ыктымалдыктар теориясы» көзү тирүү кезинде үч жолу (1812, 1814, 1820) басылган. Лаплас капилляр теориясы жөнүндөгү эмгегин жазган, ал теория Лапластын ысмы менен аталган. Лаплас астрономияда асман механикасынын Күн системасындагы бардык нерселердин кыймылын Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун негизинде далилдеп түшүндүргөн.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1793-ж. якобинчилердин террорунан сактанып, Парижден качып кетип, «Дүйнөлүк системаны баяндоо" деген илимий популярдуу эмгегин жазат. Бул эмгекте Күн системасы Күндү курчаган ысык газ тумандуулуктан пайда болушу жөнүндө гипотезаны баяндап, "кара туюктун" пайда болушун биринчи айткан. Лаплас XVIII к. чейинки астрономиялык билимдерди чогултуп, бир да формуланы пайдаланбай планеталар жана алардын жандоочуларынын кыймылын, тутулууларды, календарлар жана ташкынды көпчүлүкө жеткиликтүү формада баяндаган. "Асман механикасы жөнүндө трактатында" кудай жараткан деген идеядан баш тартып, бардык кубулуштарду механикалык принциптер менен түшүндүргөн. 1790-ж. өлчөм жана салмак Палатасы түзүлүп, президенттигине Лаплас дайындалат. Аны жетекчилиги менен азыркы физикалык бирдиктердин Эл аралык системасы түзүлгөн.
Наполеон Бонапарт 1799-жылы мамлекеттик төӊкөрүш жасап, өзүн Франция республикасынын биринчи консулу деп жарыялайт. Бонапарт Аскердик мектепте окуп жүргөндө Лапластан сабак алып, баллистикадан экзаменди эӊ жакшы тапшырган. Бийлик келгенде мугалимин ички иштер министрине дайындайт. Бул тармакта жасаган реформалары Наполеонго жакпай калып, Лапласты Сенатка которуп, империянын графы титулун берет. 1820-ж. Айдын координаталарын эсептөөнү уюштуруп, түзгөн жаӊы таблицасы чоӊ ийгилике жетет.

Акыркы күндөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүрүнүн акыркы жылдарын Лаплас үй-бүлөсү менен жана окуучулары менен Аркайледе өткөрөт. Кирешеси өтө чоӊ болгон менен карапайым жашоону өткөргөн. Кабинетинде Рафаэлдин сүрөтүнөн башка кооздук болгон эмес. 1827-ж. кышында ооруп калып, 5-мартга каза болор алдында: "Билгенимен билбегеним көп экен" деген акыркы сөзү болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
  • Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.