Латыш аткычтары

Википедия дан

Латыш аткычтары - биринчи дүйнөлүк согуш (1914—18) мезгилинде Балти­ка боюн германдык аскерлерден коргоо максатында түзүлгөн.

Окт. куралдуу көтөрүлүш күндөрүндө (1917) Латыш аткычтары Петроградда контррев-ячыл козголоңдорду басууга жана рев-ячыл тартипти сактоого катышкан.

Матростор, кызыл аскерлер менен бирге Латыш аткычтары бөлүктөрү Смольныйдагы, кийинчерээк Кремлдеги Совет өкмөтүнө сакчылык кылган. 1918-ж. 13-апрелде И. И. Вацетистин командасы менен советтик Латыш аткычтары дивизиясы түзүлгөн. 1918-ж. Москвадагы жана Ярославлдеги солчул эсерлердин козголоңдорун, Калуга, Саратов, Новгород ж. б. жерлерде Со­вет бийлигине каршы чыккандарды басууга катышкан.

Латыш аткычтары Совет бийлиги үчүн Волга боюнда, Уралда, Ар­хангельск жана Царицын жанында ж. б. жерлерде күрөшкөн. 1919—20-ж. Деникин, Юденич, Врангелдин армияларын талкалоого катышкан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.