Лауэграмма

Википедия дан

ЛауэграммаЛауэнин ыкмасы менен алынган кыймылсыз монокристаллдын дифракциялык сүрөттөлүшүн чагылдырган жалпак фотопластинкадагы рентгенограмма. Кристаллдын лауэграммадагы сүрөттөлүшү ирээттүү жайгашкан чекиттерден (дифракциялык максимумдардан) турат. Бир кристаллографиялык зонага тиешелүү атомдук тегиздиктерден чагылган дифракциялык максимумдар лауэграммада 2-ирееттеги ийри сызыкты бойлото жайгашат да зоналардын ийри сызыгы деп аталат. Кристаллдардагы бир зонага тиешелүү атомдук тегиздиктердин системасы бир түйүндөр түз сызыгында (зона огунда) кесилишип өтүшөт. Бир зонага тиешелүү атомдук тегиздиктердин баары эле чагылдыруучу абалда болбойт. Ошондуктан, Лауэграммадагы бир зонага тиешелүү дифракциялык максимумдардын саны чектүү. Лауэграммадагы бир дифракциялык максимум көптөгөн зоналардын ийри сызыгынын кесилишинде пайда болот. Эгерде кристаллга түшкөн рентген шооласы кайсы бир зона огуна параллель жатса, Лауэграммадагы дифракциялык максимумдардын жыйгашышы анын борборуна салыштырмалуу симметриялуу болот.

Бир эле кристаллдан ар кандай багыт боюнча алынган Лауэграммадан, кристаллдын берилген координата системасына салыштырмалуу кристаллографиялык окторунун багытын аныктап алууга болот. Лауэграммадан кристаллдын симметриясын аныктоо үчүн андагы дифракциялык максимумдун координатасынан башка да анын калыбы жана интенсивдүүлүгү эсепке алынат. Акыркы эки фактор кристаллга түшүүчү рентген шооласынын спектриндеги энергиянын бөлүштүрүлүшүнө, түзүлүштүк факторго, бурчтук көбөйтүүчүлөргө, кристаллдын реалдык түзүлүшүнө ж. б. себептерге көзкаранды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Физика: Энциклопедиялык окуу куралы,Башкы редактору Ү.Асанов Жооптуу редактору Жээнбаев Ж, ISBN 9967-14-010-0,