Монокристалл

Википедия дан

Монокристалл - туташ кристалл торчодон түзүлгөн жанa анизотропия касиетине ээ болгон бир тектүү кри­сталл.

Монокристаллдын сырткы формасы анын атом-кристалл структурасына жанa кристаллдашуу шартына жараша болот. Монокристалл көп учурда табпгый формасын ээлеп турат; мис., кварц, таш, туз, алмаз ж. б. Ар кандай багытталган, майда көп Монокристалл поликристаллды түзөт. Монокристалл өзгөчө физ. касиетке ээ болуучу материал катары баалуу. Мис., алмаз жанa боразон өтө катуу; флюорит кең диапазондогу толкун узундугун өткөрөт; кварц — пьезоэлектрик. Жарык, мех. чыцалуу, электр жанa маг­нит талаалары, радиация, температура жанa басым сыяктуу сырткы аракеттин таасиринен Монокристалл касиеттерин өзгөртөт. Ошондуктан Монокристаллдан жасалган түзүлүш прпборлор радпоэлектроникада, квант электроникада, акустикада, электрондук эсептегич машинада ж. б. ар кандай өзгөрткүч катары колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.