Лашкер, кошбеги
Лашкер кошбеги – Кокон хандыгынын ордосундагы таасирдүү колбашчы жана акимдердин бири.
Кыскача өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Лашкер кошбеги теги б-ча ирандык кулдан чыккан. 19-к-дын 20-жылдарынан тартып Ташкен шаарынын акими болгон.
Л. к. түндүк кыргыздарына Кокон хандыгынын үстөмдүгүн орнотуу үчүн жасалган жортуулдарга жетекчилик кылган.
1825-ж. ал Мадалы хандын буйругу б-ча төрт миң аскерин алып, Чүйдөгү солто ж-а сарыбагыш урууларын басып кирет. Сарыбагыштардын бир бөлүгү Ысык-Көлгө оогон. Ушул жылы Аламүдүн суусунун сол өйүзүнө Пишпек чебин курдурган.
1831-ж. Л. к. кайрадан Ташкенден Чымкент, Олуя-Ата (Жамбыл), Чүй боору аркылуу Ысык-Көлгө чейин жортуул жасап, Ысык-Көлдөгү баш ийбеген бугу уруусунун аскерлерин Иле өрөөнүнө чейин сүрүп барган; Кытайдын Цинь дөөлөтүнүн чек арасына кооптулук түзгөн.
Л. к-нин ж-а ферганалык миң башы Хаккулунун кандуу жортуулдаарынын натыйжасында 1831-жылга карата Кыргызстандын алыскы аймактары да Кокон хандыгына каратылып бүткөн.
Адабият тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/history_short.pdf(жеткиликсиз шилтеме)