Толстой Лев Николаевич

Википедия дан
Лев Толстой‎»‎ барагынан багытталды)
Лев Николаевич Толстой
Лев Толстой (1908).
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Лев Николаевич Толстой
Туулган жылы: 28-август (9-сентябрь) 1828
Туулган жери: Ясная Поляна Тула губерниясыОрус империясы
Өлкө: Орусия желеги Орус Империясы
Каза болгон: 7 (20)-ноябрь 1910 (82 жашында)
Ишмердүүлүгү: Прозаик,философ,публицист
Таанымал Чыгармалары: Война и Мир
Анна Каренина
Жанры: Роман,кыска икаялар,эссе
Кол тамгасы:

Толстой Лев Николаевич (орусча: Лев Никола́евич Толстой, 28-август (9-сентябрь) 1828, Ясная Поляна, Тула губерниясы, Орус империясы — 1910-жылдын Жетинин айынын 7 (20) 1910, Астапово бекети, Тамбов губерниясы, Орус империясы) көптөгөн роман, икаяларды жазган орус калемгери.

Толстой, 1828-жылы Тула губерниясындагы Ясная полянада дворияниндин үй-бүлөсүндө туулган. Жазуучунун атасы ири дворянин Николай Ильич Толстой 1812-жылы Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан, белгилүү коомдук ишмер болгон, апасы Россиянын тарыхында калган ири князь Вольконскийдин кызы болгон. Тилекке каршы Толстой экиге чыкканда энесинен тогузга чыкканда атасынан айрылат. Жазуучунун атасынын карындашы тарбиялайт. Дворяниндин балдары катары үй-бүлөдөн билим алган. 1844-жылы Казань университетине тапшырып окуйт. Университетте үч жыл окуп, профессорлордун билимине канааттанбай таштап койгон, өз алдына чоң максат койгон: келечекте дүйнөнү багындырган окумуштуу болсом деп. 1854-жылы аскер кызматындагы агасы менен Кавказга келип согушка катышат. Батальондун командири катары көп эрдик жасайт. Кавказда жүрүп 1852-жылы "Балачак" повестин жазып “Современник” журналына Л.Н.Т. деген псевдоним менен жөнөтөт. Некрасов баштаган акын жазуучулар чыгарманы жогору баалаган. 1853-жылы Крым согушу башталып Л. Н. Толстой Севастопольду коргоого эрдик көрсөтүп, командир болгон, согуштагы эрдиги үчүн 1 орден 2 медаль алган. Согуштан келгенден кийин Петербургдагы “Современник” журналында Тургенев, Некрасов, Чернышевский, Островскийлер менен бирге иштейт.

1857-жылы биринчи жолу Европага, Франция Италия, Германия жана башка өлкөлөргө саякат жасайт. Мекенине кайтып 1860-жылы София Александровага үйлөнүп Ясная Полянада жашап калат. Ал жерде дыйкандардын балдары үчүн мектеп ачып, балдар үчүн азбуканы түзөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилине которулган чыгармары: