Леонтьев Василий

Википедия дан
Василий Леонтьев (1973).

Леонтьев, Василий (5. 8. 1906, Мюнхен – 5. 2. 1999, Нью-Йорк) – америкалык экономист. АКШ УИАнын (1974), СССР ИАнын (1988) мүчөсү. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1973). Ленинград университетин (1925), Берлин университетин (1928) бүткөн. Экономика илимдеринин доктору (1928). 1920-жылдары дүйнөдө биринчи жолу эл чарба балансын (СССР, 1923–24-ж.) иштеп чыккан. Киль университетиндеги дүйнөлүк экономика институтунда иштеген. 1931-ж. АКШга келип, Гарвард университетинде профессор 1948-ж. өзү түзгөн «Гарварддык экономикалык изилдөө долбоорунун» жетекчиси. 1970-ж. Америка экономикалык ассоциациясынын президенти, 1975–85-ж. Нью-Йорк университетинин экономикалык анализ институтунда директор. 1970- жылдары дүйнөлүк экономикалык өсүүнү прогноздоо иштерин жетектеген. Бир нече жолу Россияга келип кеткен. 1993-ж. Петербургда «Леонтьев фонд» түзүлгөн. «Чыгым–чыгаруу» методдорунун теориялык негиздерин түзгөн. Экономикалык илимде статистикалык маалыматтарды анализдөөдө ЭЭМди алгач колдонгон. Эмгектери: Исследования структуры американской экономики. Теоретический и эмпирический анализ по схеме затраты–выпуск. М., 1958; Экономическое эссе. Теории, исследования, факты и политика. М., 1990.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7