Давид Ливингстон
Ливингстон, Давид (19. 3. 1813, Шотландия, Ланарк графтыгы, Блантайр – 1. 5. 1873, Замбия, Читамбо кыштагы) – англиялык саякатчы жана миссионер. Алгач 1841-ж. Түштүк Африкага бир нече жолу саякат жасап, Нгами көлүн (1849) жана Замбези дарыясын ачкан. 1852-ж. Кейптаундан Борбордук Африканын батышына (1852–56) улуу саякатын жасап, Виктория шаркыратмасын тапкан. 1855-ж. Улуу Британияга кайткан. Атлантика океанынан Инди океанына барыш үчүн алгачкылардан болуп Түштүк Африканы кесип өткөн. Чыгыш Африка зонасындагы жаракага биринчи илимий изилдөө жүргүзгөн. Түштүк Африканын этнографиясына зор салым кошкондордун бири. Замбези, Окаванго, Луалаба дарыясынын алаптарын, Ньяса, Ширва, Бангвеулу, Танганьика (батыш жээгин) көлдөрүн изилдеген. 1866-ж. акыркы жолу Африкага келип, Нилдин башатын изилдеген экспедицияны жетектеген. Англияда Ливингстондун тирүү же өлүү экенин 5 жылга жакын билишкен эмес. Аны 1871-ж. саякатчы Генри Стэнли Танганьика көлүнүн батыш жээгиндеги Ужижи посёлкасынан тапкан. Катуу ооруп жаткандыктан, Европага кайтуудан баш тарткан. Дүйнөдөн кайткандан кийин Ливингстондун сөөгү мекенине алынып келинип, Вестминстер аббатчылыгына коюлган. Анын атынан Замбезидеги шаар, шаркыратма, Конго дарыясындагы босого, Чыгыш Африкадагы тоо аталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7