Мазмунга өтүү

Танганьика

Википедия — ачык энциклопедия
Танганьика
англ. Lake Tanganyika
фр. Lac Tanganyika
суахили Ziwa Tanganyika

Көлдүн Бурунди тараптагы жээги
Координаттар: 6°30′ ю. ш. 29°50′ в. д./ CD / BI / ZM_scale:1000000 HGЯO
Морфометриясы
Деңиз деңгээлинен бийиктиги

773 м

Аянты

32 900 км²

Көлөмү

18 900 км³

Жээгинин узундугу

1828 км

Эң терең жери

1470 м

Орточо тереңдиги

570 м

Узундугу

673 м

Туурасы

72 м

Гидрологиясы
Минералдашуунун түрү

Тузсуз (аз өлчөмдө щелочтуу)

Туздуулугу

0.4 ‰

Тунуктугу

20 м

Суу топтоо бассейни
Суу топтоо аянты

231 000 км²

Куйган дарыялар

Рузизи, Малагараси, Каламбо

Агып чыккан дарыялар

Лукуга (Конго дарыясынын алабына кирет)

Кошумча маалыматтар
Орточо максималдуу температурасы

27 °С

Орточо минималдуу температурасы

23 °С

Көлдүн тоңушу

тоңбойт

Аралдары

Кавала, Мамба-Каянка

Өлкө

 Танзания
 Конго Демократиялык Республикасы
 Бурунди
 Замбия

Танганьика (Африка)
Танганьика
Танганьика Викиказынада
Танганьика.
Танганьика (Бужумбурада).

ТанганьикаБорбордук Африкадагы узунунан созулган тузсуз көл. Конго Демократиялык Республикалык, Танзания, Замбия жана Бурундинин аймагында.

1858-жылы англиялык саякатчы Р. Бёртон ачкан. Алабынын аянты 34 миң км2. узундугу 650 км, жазылыгы 40–80 км. Тереңдиги 1470 мге чейин (Байкалдан кийинки дүйнөдөгү 2-терең көл). Деңиз деңгээлинен 773 м. бийиктикте; тектоникалык ичке узун ойдуңда жайгашкан. Жээги бийик жана тик. Батыш жээги тик келип, бийиктиги 2000 мге жетет. Чыгышы жапыз, булуң-буйткалуу. Ири булуңу – Бёртон. Негизги куймалары: Малагараси, Рузизи жана Каламбо. Көлдөн Лукуга дарыясы агып чыгып, ал Луалаба дарыясына (Конгонун алабы) куят. Үстүнкү катмарында суунун температурасы 24–30°С. 30 м тереңдикке чейин суусу тунук. Фаунасынын 75%тейи эндемиктер (негизинен балык, креветка, калак буттуулар ж. б.). Крокодил, бегемот бар. Сууда сүзүүчү куштар уялашат. Балык кармалат. Кеме жүрөт. Порттору: Бужумбура (Бурунди), Калемие (Конго Демократиялык Республикалык), Кигома (Танзания).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]