Ликвидаторлор

Википедия дан

ЛиквидаторлорРСДРПде 190710-ж. пайда болгон ревизионисттик, оппортун. агымдын өкүлдөрү.

  • Ликвидаторлор жаңы революцияны даярдоодон жумушчуларды алагды кылууга, рев-ячыл с.-д. пар­тияны жоюп, батыш европ. легалдуу реформисттик партиялардай партияны түзүүгө аракеттенишкен.
  • Жетекчилери — П. Б. Аксельрод, Ф. И. Дан, Ю. О. Мартов, Ю. Ларин, А. Н. Потресов, А. С. Мартынов ж. б. Ликвидаторлордун таптык негизин рев-ялык-демокр. кыймылдын жогорулоо мезгилинде РСДРПге (айрыкча меньшевиктерге) кошулуп кеткен жана 190507-жылдагы рев-янын жеңилдешинен кийин идея жактан падышалыкка багынган майда бурж. элементтер түзгөн.
  • РСДРПнин 5-съездинде (Лондон) меньшевиктер ачык түрдө Ликвидаторлор катарында анархосиндикалисттик «жумушчу съезди» идеясы менен чыгып, РСДРПнин эсерлер партиясы менен биригишин сунуш кылган.
  • Муну съезд антипарт. идея деп ашкерелеген. 1908-ж. ликвидаторчулук саясий-идеялык агым катары калыптанып, «На­ша заря» журналынын айланасына топтолгон. Меньшевиктик ликвида­торчулук бурж.-демокр. рев-ядагы пролетариаттын гегемондугун танган.
  • Ликвидаторлор партиянын рев-ялык программасынан жана рев-ячыл ураандарынан баш тарткан.
  • Алар жумушчу табын буржуазия менен келишүүгө, столыпиндик, черносотендик тартип менен жарашууга чакырып, социализмге гана эмес, демократияга да чыккынчылык кылышкан.
  • Алар жумушчу табынын рев-ячыл партиясын жоюуга аракеттенген. «Уюмдаштыруучулук жагынан алганда ликвидаторчулук дегенибиз легалдык эмес социал-демократиялык партиянын зарылдыгын тануу жана ушуга байланыштуу РСДРПден баш тартуу, андан чыгуу, легалдык басма сөздөрдүн беттеринде, легал­дык жумушчу уюмдарында, профессионалдык союздарда, кооперативдерде, жумушчу депутаттары катышкан съезддерде жана башкаларда РСДРП­ге карты күрөш жүргүзүү болуп эсептелет»,— деп жазган Ленин.
  • Меньшевик- Ликвидаторлор жумушчу кыймылында бурж. агенттердин ролун аткарышкан. Ликвидаторлор менен бирге партияга каршы күрөшкө отзовисттер жана центристтер чыгышкан. РСДРПнин 5-конф-ясы (1908) ликвидаторчулукту ашкерелеп, бардык парт, уюмдарды Ликвидаторлорго жана отзовисттерге каршы элдешпес күрөш жүргүзүүгө чакырган. 1912-ж. жогорудагы уч оппортун. агым Троцкий тарабынан түзүлгөн антипартиялык ав­густ блогуна биригишкен. РСДРПнин Бүткүл россиялык 6-(Прага) конференциясы (1912) Ликвидаторлорду партиядан кууп чыккан. Конф-ядан кийин «Луч» газетасына топтолуп, марксизмден кол үзүшүп, өздөрүнүн антимаркстик маңызын көрсөтүү менен биротоло ашкереленишкен. Биринчи дүйн. согуштун (1914—18) мезгилинде Л. социал- шовинисттерге айланышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.