Лимонник

Википедия дан
Schisandra rubriflora.

Лимонник (лат. Schisandra) — схизандрлар тукумундагы өсүмдүк уруусу. 14 түрү бар.

Бийикт. 15 м, жоондугу 2 смге жакын, чырмалма өсүмдүк. Жалбырагы жөнөкөй, кезектешип жайгашат. Гүлү бир жыныстуу, ак, кээде кызгылт, жыпар жыттуу. Майдын аягы же июндун башында гүлдөйт. Мөмөсү ширелүү, тоголок, кызгылтым, шиңгили нык келип, сент.— октябрда жетилет. Ширесинде 8,5—9,8% орг. кислоталар бар.

Чыгыш Азиянын токойлуу тоолорунда, Амур обл., Приморье жанa Хабаров крайларында, Сахалин жанa Курил аймагында өсөт. Суукка чыдамдуу. Уругу менен тамыры аркылуу көбөйөт. Кытай Лимонникин өстүрүүгө Балтика боюндагы республикалар, Беларусиянын, Украинанын дин түн.- батыш областтары, РСФСРдин европа бөлүгүнүн ортоңку тилкеси жанa Батыш Сибирь ыңгайлуу.

Кытай Лимонникин дарылык касиети бар, тамак-аш ката­ры пайдаланылуучу, тех., кооз өсүмдүк.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.