Линия

Википедия дан

Линия (сызык, багыт, катар) - айкын белгилери менен мүнөздөлүүчү, бир катар муунда дайыма кайрадан жаралып туруучу тектеш особдор тобу. Мында ушул белгилерди жөнгө салуучу гендер боюнча Л-лардын генотиптик бир өңчөйлүүлүгү божомолдонот. Л. термини жаныбар жана өсүмдүк селекциясы жана генет-сында колдонулат. Микроорганизмдердин селекциясы жана генетикасында Л-нын ордуна "штамм" деген термин кабыл алынган. Кайрадан жаралуу мүнөзү боюнча таза, инбреддик, аутбреддик Л-ларга бөлүнөт. Мындан сырткары берилген түрдүн табигый шартта жашоочу особдоруна мүнөздүү, башкача атйканда жапайы типтеги Л-ларга бөлүнөт. Адатта Л-ларды табигый жана лаб-ялык популяциялардан, сорттордон, породалардан тандоо жана инбридинг ыкмалары аркылуу алышат, ошондой эле көпчүлүк учурда жаңы Л-ларды гибридизация же мутагендерди колдонуу менен кезектеги тандоо аркылуу же мурдатан алынган линиялардын негизинде алынат. Л. - көптөгөн генетикалык маселелерди чечүүдө колдонулуучу алгачкы материал. Л. чарбачылыкта пайдалуу жаныбарда жана өсүмдүктө жаңы, өзгөчө гетерозистүү породаларды жана сортторду чыгарууда материал катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]