Липецк трактор заводу

Википедия дан

Липецк трактор заводу - Россияда трак­тор өнөр жайын Липецк шаарындагы ишканасы.

Дөңгөлөктүү Т-40 тракторун жана анын өркүндөтүлгөн түрүн (Т- 40А, Т-40АН), о. ж. тракторун, тетигин чыгарат. Заводдун курулушу 1943-ж. башталып, 1944-ж. 1-июнда туңгуч «Кировец-35» тракторун чыгарган. Завод азыркы жабдуулар менен толук камсыз кылынган. 1970-ж. СЭВге мүчө өлкөлөрдүн дөңгөлөктүү тракторлору сыналганда Т-40 трак­тору мыктылардан болуп чыккан. 196670-ж. Москва, Лейпциг жана Маркклеебергдеги (ГДР) эл аралык көргөзмолөрдө Т-40А трактору алтын медалга татыктуу болгон. Завод Ле­нин ордени менен сыйланган (1971).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.