Литва кызыл ую

Википедия дан

Литва кызыл ую - сүт багытын­дагы порода.

19-кылымдын аягы — 20-кылымдын башында Литванын аймагында жерг. уйду ылгоо, тандоо жанa аны айршир, ангельн, Голландия, Дания Кызыл ую, швиц, шортгорн породасы менен аргындаштыруудан чыгарылган.

Литва кызыл ую Балтика боюнун нымдуу климатына мыкты байырланган. Букасы­нын тирүү салм. 750 кгча, инеги 500 кгга жетет. Жылына 3500 кг, мыктыларынан 7000—9000 кг сүт саалат. Сүтүнүн майлуулугу 3,7—3,9%.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.