Литий рудалары

Википедия дан

Литий рудалары - составында казып жанa болуп алууга арзырлык өлчөмдө литийи бар табигый минералдардын чогундусу.

  • Ар турдуу рудалардан сырткары Li кол жанa минералдашкан суудагы рападан алынат.
  • Өнөр жайлык маанидеги литийи бар негизги минералдар: сподумен (Li2О — 6—7%), петалит (3,5—4,9%), амблигонит (8—10%), о. эле литий слюдасы — циннвальдит (3,0—3,5 %) ж-а лепидолит (4—6%). Литийге бай минералдык жыйындылар негизинен эн­доген кендеринде гранит магмасы менен байланыштуу.
  • Литий рудалары жог. температурада (500—250°С) ж-а 1,5—7 км тереңде постмагмалык процесстен пайда болот.
  • Литий рудаларынын өнөр жай - генезистик типтери: натрий-литий тибиндеги сейрек металлдуу пег­матит (бир нече типчеге ажырайт: сподумендүу пегматит Литий рудаларынын башкы тиби. леппдолит-сподумендуу пегматит, леппдолит-петалиттуу пег­матит);
  • литий-фтор тибиндеги сейрек металлдуу гра­нит;
  • циннвальдиттуу желепидолиттуу грейзендер жана алар менен бирге кезикчү циннвальдитпибар касситерит-вольфрамиттуу кварц тарамдары.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.