Лонгуда (эл)

Википедия дан

Лонгуда (джессу, лангуда, нунгуда, нунгура, нунгураба) — Нигериянын чыгышында (Бенуэ дарыясынын түндүгүндө) жашаган эл.
Тектеш элдердин (чам-мона, ваджа ж.б.) курчоосунда жашашат.
Саны 95 миң адам.

Тил

Лонгуда тили Нигер-конго макробүлөсүнүн адамава-убанги уясына кирет.

Лонгуда тили бир нече диалектилерге бөлүнөт:

  • черия (банджирам, чиримба);
  • нья гванда (гвандаба, ньювар);
  • нья гуюва (гуюк, түздүктүн нья гуюва, туруба);
  • нья деле (джессу);
  • нья тария (тараба).

Жазуусу латын алфавиттин негизинде.
Лонгуда арасында хауса, фульбе жана аглис тилдери кеңири таралган.


Чарбалык иштер

Негизги салттуу кесиби — кол менен иштетилген жер чарбасы (сорго, маниок, жүгөрү, жашылчалар).

Коом

Туугандык эсеп энелик. Полигиния (көп аялдуулук) сакталууда. Лонгуда христиандары негизинен моногамдуу.

Маданият

Мындай каада-салттарга мүнөздүү өзгөчөлүктөрдүн бири ритуалдык ырым-жырымдар үчүн керамикалык антропоморфтук жана зооморфтук идиштерди колдонуу болуп саналат, ал эми коңшу аймактардын элдери жыгачтан жасалган айкелдерди, бет каптарды ушул эле максатта колдонушат. Идиш жасоонун лонгуд стили чам-мон элинин керамикасына мүнөздүү стилге абдан окшош.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]