Лондон сүйлөшүүлөрү (1939)

Википедия дан

Лондон сүйлөшүүлөрү (1939)Улуу Британия менен фашисттик Германия өкүлдөрүнүн жашыруун макулдашуусу. Лондон сүйлөшүүлөрү 1939-ж. июнь– августта өтүп, анда Версаль тынчтык келишиминин (1919) айрым жоболорун кайра кароо жана колониялык маселелер боюнча макулдашууларга келүү мүмкүндүгү белгиленген. Лондондун сунушу боюнча Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европада фашисттик Германиянын бөтөнчө мүдөөлөрүн аткаруу жана өз колониялык ээликтеринде Улуу Британиянын укугун таануу, бири-бирине кол салбоо (эки тарап тең агрессиядан баш тартуу), мындан тышкары саясий жана экономикалык жактан таасирлүү чөйрөлөрдү фашисттик Германия менен бөлүшүү тууралуу жашыруун сүйлөшүүлөр жүргөн. Лондон сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө Британия жетекчилиги фашисттик агрессияны Чыгыш Европага жана СССРге багыттоого умтулган. Бирок Лондон менен Берлиндин ортосундагы карама-каршылыктын тереңдиги, болгондо да фашисттик Германиянын бүт дүйнөгө үстөмдүк кылууга умтулушу Лондон сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасыз аякташынын негизги себеби болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7