Версаль тынчтык келишими

Википедия дан

Версаль тынчтык келишими (1919) - Биринчи дүйнөлүк согушту (1914-1918) жыйынтыктаган, 1919-ж. 28-июнда Версальда (Франция) кол коюлган келишим. Келишимдин шарттары Париж тынчтык конференциясында (1919-1920) иштелип чыккан. Версаль тынчтык келишими согушта жеңген Aнтантa өлкөлөрү (АКШ, Улуу Британия, Франция, Италия, Япония, Бельгия, Боливия, Бразилия, Куба, Эквадор, Грекия, Гватемала, Гаити, Хижаз, Гондурас, Либерия, Никарагуа, Панама, Перу, Польша, Португалия, Румыния, Сербия-Хорват-Словен мамлекети, Сиам, Чехо-словакия, Уругвай) жана согушта жеңилген Германия ортосунда түзүлгөн. 1920-ж. 10-январдан күчүнө кирген. АКШ, Хижаз жана Эквадор келишимди ратификациялоодон баш тарткан. Келишимге ылайык, Германия Францияга Эльзас менен Лотарингияны (1870-жылдагы чек арасына ылайык) кайтарып берген, Бельгияга Эйпен жана Мальмеди округдары жана Морена аймагы, Польшага Познань, Батыш Пруссиянын бир бөлүгү, Померания, Жогорку Силезия кайтарылган. Германия ошондой эле Данциг (кийин ал эркин шаар статусун алган) жана Мемель портторунан (1923-ж. Литвага берилип, аты Клайпеда болуп өзгөртүлгөн) баш тарткан, алар Антантанын көзөмөлүнө өткөн. Саар көмүр бассейндери 15 жылга Улуттар Лигасынын башкаруусуна берилген, андан соң Саардын калкына плебисцит жолу менен кайсы мамлекетке кире тургандыгын өзү аныктоо укугу берилген. Натыйжада Германия аймагынын 1\8 бөлүгүнөн айрылган, 6,5 млн немистер Германиянын аймагынан тышкары калган. Мындан сырткары бардык колонияларынан кол жууган, ошондой эле Австриянын, Чехословакиянын, Польшанын жана Россиянын аймагында түзүлгөн бардык мамлекеттердин көз каранды эместигин таанууга милдеттенген. Германиянын армиясынын саны 100 миң жоокер жана 4 миң офицерден ашпоосу белгиленген. Генералдык штаб, жалпыга бирдей аскерге милдеттүүлүк жоюлган, аскер-деңиз флоту 35 гана кеме менен чектелген, суу астында жүрүүчү кемелерди, танктарды, оор артиллерияны жана авиацияны курууга тыюу салынган. Рейн дарыясынын сол жээгине 50 чакырым тилке демилитаризацияланган. Германия репарация төлөп берүүгө (анын өлчөмү кийин такталып, 132 млрд алтын марканы түзгөн) милдеттендирилген. Версаль системасы Вашингтон конференциясынын (1921-22) чечимдери менен толукталган (к. Версаль-Вашингтон системасы). Келишимдин шарттары немистер тарабынан улуттук кемсинтүү катары кабыл алынган. 1933-ж. фашисттер бийликке келишкенден кийин Гитлер Версаль тынчтык келишиминин чечимдерин аткаруудан баш тарткан. Фашисттик Германиянын Австрияны (1938), Чехословакияны (1938-39), Клайпеданы (1939) басып алышы жана 1939-ж. Польшага (1-сентябрь 1939-ж.) кол салышы менен Версаль тынчтык келишими күчүн толук жоготкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]