Репарациялар

Википедия дан

Репарациялар эл аралык укукта тынчтык келишиминин же башка эл аралык актынын негизинде кол салган мамлекеттин кол салууга дуушар болгон мамлекет тарткан зыянды төлөп бериши. Репарациялардын көлөмү жана мүнөзү тарткан зыянга жараша аныкталат. Алгачкы жолу репарациялар алуу укугу 1919-жылы Версаль тынчтык келишими, ошондой эле Версаль системасындагы башка келишимдер менен аныкталган. Анда Германия жана анын союздаштарынын Антантa өлкөлөрүнүн калкына согуштун кесепетинен келтирилген зыян боюнча жоопкерчилиги көрсөтүлгөн. Чындыгында бул келишимдердеги репарациялар чүмбөттөлгөн формадагы контрибуция катары болгон. Фашисттик Германия жана анын союздаштарынын Экинчи дүйнөлүк согушта келтирген зыянды төлөө боюнча репарациялардын формасы 1945-жылы Крым конференциясында аныкталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]