Лондон экономика мектеби

Википедия дан

Лондон экономика мектеби – экономикалык билим берүүнүн жана изилдөөнүн дүйнөдөгү негизги борборунун бири. 1895-ж. Лондон университетинин бөлүгү катары негизделген. Мектеп өзүнүн байланыштарына жараша дүйнөдөгү саясат, бизнес жана укукка өтө таасирдүү келет. Окуу структурасы экономика, укук, социология, финансы, бухгалтердик эсеп жана башка тармактарды камтыган 23 факультеттен турат. Коомдук илимдер боюнча дүйнөдөгү эң ири китепканасы (4 млндон ашык китеп нускасы жана 20 миңдей басма жана электрондук журналдар менен) иштейт. Учурда 9 миңдей студент билим алат. Алардын 32%и Англиянын, 19%и Европа шериктештигинен жана 49%и дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн келген студенттер. Мектепти бүткөндөрдөн Нобель сыйлыгынын лауреаттары: экономикадан – Жон Хикс (1972), Фридрих Хайек (1974), Жеймс Мид (1977), Артур Льюис (1979), Пол Кругман (2008) жана башка; адабияттан – Жорж Бернард Шоу (1925), Бертран Рассел (1950); Тынчтык үчүн күрөшү боюнча – Ральф Банч (1950), Филип Ноэль-Бейкер (1959). Ошондой эле бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнөн алдынкы саясатчылар да көп чыккан. Мисалы, Хармадио Ариас (Панама Республикасынын президенти 1932–36), Жон Ф. Кеннеди (АКШ президенти 1961–63), Ким Кэмпбелл (Канаданын премьер - министри 1993-ж.), Камисис Мара (Фиджи президенти 1994–2000), Жорж Сорос (финансист), Саид Каддафи (Муамар Каддафинин уулу, Гаага сотунун эл аралык соту) жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7